Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

19–август 1969-жылы  Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку. 1986-жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, 1991-жылы БГУну бүтүргөн;

2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын Юриспруденция адистигин аяктаган;

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн;

1991-жылы Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси;

1995–2010-жылдары «Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

1998–2010-жылдары «Алмаз» акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы;

2000–2001-жылдары Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти;

2003–2005-жылдары «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

2005-жылы «Экогармония женщин» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү;

2004-жылы Азия боюнча (азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти;

2005-жылы Эл аралык «Алыш» белбоо курөш федерациясынын ардактуу президенти;

2010-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышына «Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

2011-жылы Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төрайымы;

2011–2013-жылы Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2012-жылы Республика фракциясынын лидеринин орун басары;

2013–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары;

2015-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган;

2016-жылы Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрөгасынын орун басары;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;

Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2011-жылы

Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун Академиги.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.

 «ФИЛА» ордени менен сыйланган.