Ош областынын Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылында 1977-жылдын 28-ноябрында мал догдурдун уй-бүлөсүндө туулган;
1994-жылы Ош Мамлекеттик университетинин Юриспруденция кесиби боюнча юридикалык факультетие тапшырып, 2000-жылы аяктаган;
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын эсеп, анализ (талдоо) жана аудит кесиби боюнча факультетке тапшырып, 2021-жылы аяктаган;
2000-жылдын 30-июнунан 2001-жылдын 20-апрелине чейин “Спецмаг” АКда башкармалыктын төрагасынын жардамчысы болуп иштеген;
2001-жылдын 5 - майдан 2001-жылдын 15-июнуна чейин Кыргыз Фондун мекемесинде юрист кызматын аткарган;
2002-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу “Кыргызресурсу” Мамлекеттик ишканасына маркетинг бөлүмүнүн башчысы кызматына алындым. 2002-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын окмөтүнө караштуу “Кыргызресурсу” Мамлекеттик Ош-Баткен башкармалыгынын ишканасына бөлүм башчы болуп которулуп, 2006-жылдын 27-декабрында иштен кеткен;
2011-жылдын 1-августунан 2012-жылдын 25-октябрына чейин “Нарынгидроэнергокурулуш” ОАКда финансылык директор болуп эмгектенген;
2015-жылдын 10-декабрынан 2018 жылдын 18 июнуна чейин “Мармара Стоун” ОсОКда ташты кайра иштетип чыгаруу мекемесинде уюштуруучу болуп иштеген;
2018-жылдын 28-июнунан “Кейджи Восток Сервис” курулуш компаниясында уюштуручулардын мүчөсү болуп иштеп 2019-жылдын 13-мартында ишеним менен башкарууга өткөргөн;
2012-2019 жылдары Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин ХХVI, XXVII чакырмалынын депутаты;
1994-2000-жылдары бокс боюнча ар түрдүү мелдештерге катышкан;
2010-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Бокс боюнча улуттук Федерациясынын вице-президентинин кызматын аткарып келе жатам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бокс боюнча Федерациясынын жана Кыргызстандагы бокс боюнча спортчуларына материалдык колдоо көргөзүп келет;
2013-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаардык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган;
2015-жылдын 5-майында спортко маанилүү салым кошкондугу үчүн деген Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Мэриясынын “Күмүш төш” белгиси менен сыйланган;
2018- жылдын 8-октябрында өлкөнүн өнүгүшүнө маанилүү салым кошкондугу үчүн деген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы улуттук комиссиянын медалы менен сыйланган;
2019-жылдын 17-апрелинде ASBC (Азиялык Бокс конфедерация) исполкомунун мүчөсү болуп шайланды;
Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.