1984-жылы Кыргыз Республикасынын Ош областынын, Кара-Суу районунун, Жоош айыл округуна караштуу Мамажан айылында педагогдун үй-бүлөсүндө туулган;
1990-жылдан 2001-жылга чейин Мамажан айылындагы ата-энеси эмгектенген Т.Бердибеков атындагы №41 орто мектебинде билим алып, 2001-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин “Чет тили жана адабияты” адистиги боюнча, 2011-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин “Экономика жана ишканаларды башкаруу” багыты боюнча экономиканын бакалавры даражасын алып, 2020-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча билим алып, магистр квалификациясы ыйгарылган.
Алгач эмгек ишмердигин айыл чарба багытында көп жылдар бою иш алып барган, тактап айтканда 2002-2011-жылдар арасы башкы инженер, андан соң агротехник катары “Самидин” дыйкан чарбасында эмгектенген;
Экономика тармагында бакалавр даражасын алгандан соң,бул тармакта адистердин жетишсиздигин эске алганда, 2011-жылдан баштап 2017-жылга чейин “Самидин” дыйкан чарбасында экономист болуп эмгектенип, ошол жылдардын мыкты экономисти наамына татыган;
2011-2017-жылдар арасы күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене жана дүң сатуу жаатында ишкердик ишин алып барган;
2017-2018-жылдары “РОССИЯ Нефть” ЖЧКсында аткаруучу директор, 2018-2020-жылдары директор, андан соң 2020-2021-жылдары башкы директор болуп эмгектенген;
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыздын атасы