Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1965-жылдын 13-апрелинде Фрунзе шаарында туулган;

1987-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн;

1987-жылдын августунан октябрына чейин СССР Юстиция министрлигинин Фрунзе шаарындагы 1-мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусунда иштеген;

1987-жылдын октябрынан Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Ленин райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, улук жардамчысы болуп иштеген;

1992-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында, Бишкек шаардык прокуратурасында шаардык прокурордун улук жардамчысы, бөлүмүнүн начальниги;

1998-2003-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасында, экономикалык кылмыштарды жана коррупцияны иликтөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмдүн начальниги;

2003-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жалпы бөлүмүнүн начальниги;

2007-2008-жылдары Бишкек шаардык прокурорунун биринчи орун басары;

2008-2011-жылдары Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурору;

2003-2011-жылдары КРнын ар кандай мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгон, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш –жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана башкаларга өзгөртүүлөрдү жана толкутоолорду киргизүү боюнча иш алып барган;

2012-жылдан “2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик программасы боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү;

2021-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Класстык чени: Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси;

Эки баланын энеси.