Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1964-жылдын 8-январында  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылында туулган.

Орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, 1980-жылдын декабрь айынан баштап 1981-жылдын декабрь айына чейин борбор калаабыздагы М. В. Фрунзе атындагы айыл чарбалык машина куруу заводунда, 1982-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Нарын облусунун Жумгал районундагы №24 жолдорду тейлөө башкармалыгында слесарь болуп эмгектенген.

1982-жылдын октябрь айынан 1984-жылдын декабрь айына чейин Россия Федерациясынын Свердлов шаарында Советтик Армиянын  катарында аскердик кызмат өтөгөн.

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, 1990-жылы аяктаган.

1990-жылдан 1993-жылга чейин Нарын облусунун Нарын шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы, прокурордун улук  жардамчысы, улук тергөөчү болуп эмгектенген.

1993-жылдан 1998-жылга чейин Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, улук тергөөчү.

 1998-жылдан 1999-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.

1999-2000-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук прокуратурасын, 2000-2003-жылдары Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасын жетектеген.

2003-2004-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу райондорунда прокурордун улук жардамчысы, улук тергөөчү.

2004-2007-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунда судья болуп иштеген.

2021-жылдын 28-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч кыз, эки уулдун атасы.