Айдаров Нургазы Абдыраевич

Кайрылуу

1966-жылдын 16-январында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1986-жылы Ош комбинатында элге керектөөчү товарлар өндүрүшү боюнча нормалоочу болуп иштөө менен баштаган.

1988-1989-жылдары «Индпошив одежды» фабрикасында комсомол комитетинин катчысы.

1989-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Ош шааркоомунун  жаштардын социалдык-экономикалык  проблемалары бөлүмүнүн башчысы.

1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Кара-Суу РКсынын биринчи катчысы.

1991-1992-жыдары «Ош-Памир» биржалык соода үйүнүн маркетинг жана бааларды коюу боюнча директорунун орун басары.

1992-жылы «Рембыттехника» заводунун директорунун орун басары болуп эмгек кылган.

1992-1997-жылдары «Каз-Кыр» СПсынын башкы директору.

1997-2003-жылдары «Экспорт-Астык» компаниясынын түштүк регион боюнча директор болуп иштеген.

2003-2005-жылдары «Си-БУ» ЖЧКсынын вице-президенти.

2005-2007-жылдары Ага Хан Фондунун Региондук өнүгүү жана прогресс боюнча программасынын региондук менеджери болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин II чакырылышынын Эл өкүлдөрү палатасында депутат болгон.

2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болгон.

2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.

2020-жылдын май айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 2-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлѳлү, үч баланын атасы.