Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович

Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович

Комитеттин мүчөсү
"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Бюджет жана финансы боюнча комитети

Кайрылуу

1970-жылы 19-майда Нарын облусунун  Ат-Башы райоундагы Кара-Суу айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган

1993-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган

 Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Эмгек жолу

• 1993-жыл — "АусБлат" казак-немис биргелешкен ишканасында эмгектенген

•  1994-жыл Арак заводун курууну жетектеген

• 1995-жыл  -  Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан  «Геом» жоопкерчилиги чектелген коомунун маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн жетекчиси

• 2001-2002-жылдары  —  "А-вест"компаниясынын  (Philip Morris компаниясынын  расмий дистрибьютору) маркетинг жана сатуу бөлүмүн жетектеген

• 2003-2005-жылдары  -  "Арвин" ЖЧКсынын өндүрүмдөрүн сатуу боюнча ишкананын жетекчиси

 • 2005-2008-жылдары —  "ОККО" ААКы башкармалыгынын төрагасы

• 2008-2010-жылдары — Кыргыз агро өнөр-жай корпорациясынын Башкы директору

• 2011-жылдын июнунда «Республика» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.

• 2011-жылдын ноябрында КР Күрөш Федерациясынын Президенти болуп шайланган

• 2015-жылдын майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпияда Комитетинин  Президентине шайланган

• «Аю Холдинг» ири көп профилдүү компаниянын негиздөөчүсү.

 

Коомдук иштери

• 2013-жылдан баштап  «Билимкана» мектебинин Камкорчулук кеӊешинин мүчөсү

• 2013-жылы «Кыргызстан» Саясий партиясын негиздеген.

Сыйлыктары

• 2015-жылы КР КМШнын уюшулганынын 20 жылдык маарекелик медалы менен сыйланган .

• Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.