Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович, 1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулган.

1990-жылы Нарын областынын Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган.

1990-1995-жылдары- Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон.

2011-2014-жылдары- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.

1995-2002-жылдары- жеке ишкер.

2002- 2006-жылдары - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма- директордун орун басары.

2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- депутаттын жардамчысы.

2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фонду- директор.

2010ж- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына «Ата Мекен» социалиститтик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан.

 2010-2011-жылдары – “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы- директордун орун басары.

2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААК- башкы директордун орун басары.

2012- 2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги- министрдин орун басары (КР ӨКМ аскер блогун жетектеген).

2015-жылдын июлунан баштап 2015-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына «Ата Мекен» социалиститтик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан.

2015- 2016- жылдары- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги- министрдин орун басары (КР ӨКМ аскер блогун жетектеген).

2017-жылдын ноябрынан баштап 2018-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин кеӊешчиси.

2018-жылдын мартынан баштап 2019-декабр айына  чейин- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башчысы.

2019-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (КРӨ 2014.09.17 №397-р тескемеси).

Кыргыз Республикасынын Куралдуу кучторүнүн Башкы штабы, “Аскердик кызматы үчүн” медалы.

КР ИИМинин “Өз ара аракеттенүү жана кызматташуу ШЕРИКТЕШ” медалы.

КР ӨКМинин “Каарман” медалы.

Нарын шаардык Кеңешинин токтому № 6/5 “Ардактуу атуул” наамы.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеӊешчиси.

Үй-бүлөлүү,4 баланын атасы.