Мусаев Насыр Исмазович

Мусаев Насыр Исмазович

Фракция мүчөсү
"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Кайрылуу

Мен, Мусаев Насыр Исмазович, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы  Токмок шаарында  1958-жылы туулгам. Улутум – дунган, билимим – жогорку, Чүй университетинин юридикалык факультетин аяктагам. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасымын.

1965-жылдан 1973-жылга чейин Токмок шаарындагы №11 орто мектепте окугам. 1977-жылы Токмоктогу Айыл чарбасын механизациялоо жана электрификациялоо техникумунун  айыл-чарба өндүрүшүнүн электрик-механиги адистигин аяктагам. 1977-жылы Токмоктогу баштапкы кайра иштеп чыгуу фабрикасында техник-механик кызматында иш тажрыйбамды баштагам. Андан кийин Москва Аскер округунда Советтик Армияда кызмат өтөгөм.

Аскердик кызматты аяктагандан кийин Токмокко кайтып келип, №23-СПТУда директордун орун басары болуп иштеп баштагам. 1992-жылдан тарта жеке ишкер, 1996-жылдан баштап «Жетиген», «Ним-Компания» туристтик фирмаларында директорлук кызматты аркалап келем.

1999-жылдын жыйынтыгы боюнча «Жетиген» туристтик фирмасы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү алдындагы туризм жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2000-жылы Токмок округу боюнча Чүй облустук Кеӊешинин депутаттыгына шайлангам.

Токмок шаардык Кеӊешинин эки жолку чакырылышынынын депутатымын.

  2013-жылга чейин КРдеги Дунган Ассоциациясы Коомдук бирикмесинин вице президенти болгом.

 

2007 –ж. тарта Токмок Шаардык Кеӊешинин депутаты

2000  2004 –жж. Чүй Облустук Кеӊештин депутаты

2004-ж.  КР ЖКнын депутаттыгына талапкер

2001-жылдан азыркы учурга чейин  «Ним Компани» ЖЧКсынын директору

1996 – 2001 –жж. «Жетиген» туристтик фирмасынын директору

1993 – 1996 –жж.  «Интур - Азия» туристтик фирмасы

1988 – 1991 –жж. №23- шаардык  ПТУ  - директордун орун басары

1978 –ж.   ПОШ фабрикасы -  техник – механик

1978 – 1980 -жж. –  СА катарында аскер кызматы

2013-жылга чейин КРдеги Дунгандар Ассоциациясы Коомдук уюмунун вице-президенти