Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ТУРСУНБАЕВ Азизбек Атакозуевич

1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айлында туулган.

Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн. 1994-1995-жылдары Ош областтык стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган.

Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1995-1999-жылдары – жеке ишкер;

2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;

2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;

2005-2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон.

2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон.

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2021-жылы №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.