Cамаев Урматбек Обозбекович 1986-жылдын 25-майында Чүй районунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн. 
2004-жылы Чүй районундагы №2-орто мектебин бүтүргөн. 
2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын, Юриспруденция факультетин бүтүргөн.
2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиялык резерв мектебинде бокс боюнча тренер.
2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты.
2016-жылынын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
“Келечек” жаштар кыймылынын Лидери жана Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын Президенти.

2018-жылдын 5-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын "Көк-Бөрү" Федерациясынын Вице-президенти. 

Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.