Бүгүн, 2-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен СССРдин Эл артисти, белгилүү актер, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы Суеркул Чокморов, Санкт-Петербург академиясындагы И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтунда коюла турган Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык бюстунун автору Аскар Турумбеков жана "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов менен жолугушту.

18-01-2018 09:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева жана Жанарбек Акаев Россия Федерациясынын Краснодар шаарындагы мекендештер менен жолугушуп, алардын акыбалынан кабар алды. Журтташтар өзүлөрүнүн жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен бөлүшүп, депутаттарга мигранттардын иштерине байланышкан маселелери тууралуу маалымат беришти. Алсак, аталган шаарда төрт миңдей кыргызстандык бар.

08-01-2018 14:08