“Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан директорлордун дайындалганы туура эмес. Себеби иштеп жаткан жамаат кимдин кандай экенин билишет. Азыр болсо директорлорду бекитүү, иштен алуу бир топтун кызыкчылыгына жараша болууда” ,-деди эл өкүлү.

10-09-2019 11:20

“Кыргызстанда уран кендерин иштетүүгө жана чалгындоого 50 жылга мораторий киргизүү боюнча Мыйзам долбоорун демилгелеп чыктык. Элибиздин ден-соолугу, жаратылышыбыз биринчи орунда болуш керек”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

25-04-2019 13:25

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов губернаторлорду жоюу боюнча маселени бир нече жолу көтөргөнү менен, Өкмөт башчы чечкиндүү кадамдарды жасабай жатканын сындады. “Президент жыйында сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат. Аларды жумуштан алыңыз. Жыйында уктаган губернаторлордун эмне кереги бар?”-деди депутат.

24-04-2019 16:59

Губернаторлорду бүгүн, азыр токтоосуз жоюу керек”,-деди “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов тармактык комитеттин жыйынында. Депутат айыл өкмөттөрү Премьер-министр менен түз иштеп, ортодо эч кандай ортомчулар болбошу керектигин билдирди.

23-04-2019 14:21

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулуп бүткөнүнө 1 жыл болгону менен азыркыга чейин иштебей турганын сындады. Депутат бюрократиялык жолтоолордон улам курулушу 5 жыл мурун башталган оорукана эмдигиче калк үчүн кызмат кылбай жатканына нааразы болду

04-04-2019 15:46

“Бир Бол” фракциясынын лидери А.Сулайманов жана депутат А.Жапаров мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга байланышкан конференцияга катышышты. Анын жүрүшүндө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан сабак алуу керектиги айтылды. Конференцияга Өкмөт мүчөлөрү, Швейцариянын элчилигинин, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык финансылык корпорациянын өкүлдөрү да келишкен.

26-03-2019 17:46

Журналист кесибин тандаган студенттер “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен жолугуп, аларды тынчсыздандырган суроолорун берүү каалоолорун билдиришкен. Депутат жаштардын бул суранычын четке какпай, бүгүн Жогорку Кеңеште жолугушту.

20-03-2019 15:42

4-мартта “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук демократиялык институттун Кыргызстандагы директору Алан Гиллам менен жолугушту. Анын жүрүшүндө аймактарда жашаган жарандардын партиялардын иши тууралуу пикирин билүү боюнча Кыргызстандын 7 облусунда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы талкууланды.

04-03-2019 12:18

“Бизге азыркыдай көп министрликтин эмне кереги бар? Кыскартыш керек”. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда тармактык Комитеттин жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун докладынан кийин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Айтымында, учурда Кыргызстандын бюджети 150 млрд сом болсо, анын көбү мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасына жумшалууда

20-02-2019 11:18

Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мамилеси жана ЕККУ Парламенттик ассамблеясы менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

06-02-2019 12:30

Депутат Алтынбек Сулайманов («Бир Бол») интересуется мнением премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева относительно предложения ликвидировать полномочных представителей правительства в областях и акимов.

29-11-2018 12:34

Үч дипломдун ээси, жети баланын атасы, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов фракциянын абалы, парламенттин иши, жеке сапаттары, адашкан кадрлар, мамлекеттик башкаруудагы мүчүлүштүктөр жана Илмиянов менен болгон мамилеси тууралуу кеп салды.

20-11-2018 16:25

Депутат кокусунан кылмышка кириптер болгон, жеңил кылмыш жасаган жарандар түрмөдөн чоң кылмышкер болуп чыгып жатканын айтты.

02-10-2018 16:08

Депутат Алтынбек Сулайманов Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Депутат Жогорку Кенеша КР V созыва Председатель Комитета по Комитетапо экономической и фискальной политике Лидер фракции "Республика" считает, что руководитель не должен быть наказан за увольнение нерадивого госслужащего. Об этом он сообщил на заседании Жогорку Кенеша в среду.

11-03-2015 17:21