Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы комитети Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

20-05-2019 13:47

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы комитети Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Алгач комитет мүчөлөрү оор абалдагы бир нече социалдык обьекттерди кыдырып чыгышты.

Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүндөгү 624 орунга ылайыкташкан Фуркат мектебинин пайдубалы 1985-жылы түптөлгөн. Имараттын баштапкы баасы 2117 сом болуп, ал Ленин колхозунун эсебинен салынып баштаган. Курулушу 35 жылга созулган бул мектептин 60% бүткөрүлгөн. Эл өкүлү Максат Эгембердиев айылдын эски бала бакчасында 450 бала 3 нөөмөт менен окуп жатканын, микручаскадагы 300дой бала коӊшу айылдарда окуп жатканын айтып, мектепти бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Быйыл да бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөнүн Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Андан соӊ эл өкүлдөрү Жалал Абад облустук ооруканасына барышты. Оорукананын неврология жана терапия бөлүмдөрү 1932 -жылы курулган. Эскилиги жеткен фин тибиндеги имараттын чатырынан суу тамат, пайдубалы болсо чөгүп кеткен. Дубалдарынан жарака кеткен авариялык абалдагы бөлүмдө бүгүнкү күндө да адамдар дарыланышууда. Шарт жоктугунан бейтаптар ар дайым сын- пикир айтып, көптөгөн нааразылыктарын билдирип келишкен. Эл өкүлү Айнура Осмонова бул маселе бир нече жолу Өкмөт башчынын алдына коюлуп, жыйынтыгында 89 млн сомдук 100 орунга ылайыкталган оорукана курулмай болгонун билдирди. Курулуштун долбоору даярдалып, тендер да өткөрүлгөн. Бирок каржы бөлүнбөй жатканын депутат кошумчалады. Белгилей кетсек, Жалал- Абад клиникалык ооруканасы облустагы 1млн 200 миӊ калктын саламаттыгын караган оорукана болуп саналат.

Көчмө жыйынга комитет мүчөлөрү Эмил Токтошев, Зиядин Жамалдинов, Улан Примов, Сайдулла Нышанов, Таалайбек Масабиров, Кубанычбек Нурматов, Максат Эгембердиев, Марлен Маматалиев, Ильхом Маннанов, Тариел Жоробеков, Нодирбек Каримов, Бактыбек Раимкулов, Айнура Осмонова жана тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1160