Эл өкүлү элетте.

04-04-2019 11:46

«Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Талайбек Масабиров шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында Жалал-Абад областынын, Базар-Коргон районунун тургундары менен жолукту. Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот айылында 2015-жылдан бери курулушу токтоп калган бала бакчанын абалы менен жеринде таанышты. Андан соң, Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Сай жаңы конушунун тургундары менен жолугуп, конуштагы электр энергия менен камсыздоо маселеси ортого алынды. Эл өкүлү тарабынан аталган конушка электр зымдары өтүүчү мамычаларды жана трансформаторлорду орнотуу иштери көзөмөлгө алынмай болду. Ушул эле айылдагы жаңыдан башталган 100 орундуу бала бакчанын курулушу да айтылды. 
Арстанбап айылында болуп, көп жылдан бери көйгөй жараткан таза суу маселеси козголду. Ал эми Бешик-Жон айылындагы жолугушуу айылдын инфраструктуралык өнүгүшүнө багытталды. Былтыр Талайбек Масабировдун демилгеси менен башталган спорттук комплекстин курулушу менен таанышты. Эл өкүлү менен болгон жергиликтүү тургундардын жолугушуусу Карача айылында жыйынтыкталды. Жолугушуу соңунда эл өкүлү Талайбек Масабиров Базар-Коргон районунун Кызыл-Ой айылынын 105 жаштагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин абалын сурап, кенен баарлашып, карыя өзүнүн аксакалдык батасын берди.

Көрүүлөрдүн саны : 114