Депутат Талайбек Масабиров Сокулук районунун тургундары менен жолугушту

15-01-2019 10:58

Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Чүй облусунун Сокулук районунда болуп,  жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактагы маанилүү маселелер айтылды. Алсак, Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Саадаш Абдылдаев орто мектебинде спорт залдын жоктугу, сугат суу келчү канал жарактан чыккандыктан айдоо жерлер кайракка айланганы маалымдалды. 

Депутат Талайбек Масабиров жыйында көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө аларын айтып, айрымдары 2019-жылдын бюджетине киргенин кошумчалады.

“Саадаш Абдылдаев орто мектебине спорт зал куруу маселесин тиешелүү кызматтарга жеткирүү менен кошумча булактар аркылуу бюджетке киргизүүгө аракет кылабыз. Ал эми суу келчү канал 2019-жылдын бюджетине кирди. Өткөн жылы көзөмөлгө алып атып жогоруда аталган мектептин чатырын, терезелерин, полун алмаштырууну бюджетке киргизип, бүгүн болсо минтип аткарылган иш менен таанышуу үчүн келип отурабыз”,-деди депутат Талайбек Масабиров.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жогоруда аталган сугат суу келчү канал маселеси көтөрүлүп, Өлкө башчысы да көйгөйдү көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 635