Жаӊы тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков акыркы мезгилде туристке айланып калды, барбаган өлкөсү деле калган жок. Эми, мындай саякаттарды токтотуп, иштеш керек да. Өткөндө андан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан иштеген консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин тизмесин сураган элем, жарытылуу жооп ала алган жокмун. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Менин мындай өтүнүчүмө 200-300 барактан турган жообун беришиптир, карасам, мен үчүн эч деле мааниси жок жооп экен. Ушундай кыла берсе болобу? Эмне деген мамиле? Уят! Урматтуу, Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү, бир аптанын ичинде Тышкы иштер министрлигинен биздин консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр жөнүндө так маалымат алып берүүӊүздү өтүнөм», - деди депутат.

17-01-2019 13:07

19 июня в Бишкеке по итогам работы восьмого заседания Межпарламентской комиссии по сотрудничеству между Жогорку Кенешем КР и Федеральным Собранием РФ состоялся брифинг с участием ее сопредседателей Тынчтыка Шайназарова и Виктора Заварзина.

19-06-2018 11:04