Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. «Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген», - дейт ал. Депутат 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуштамасын киргизүү зарылдыгын белгиледи. Эске салсак, буга чейин Октябрь Абдыкаимов өткөн жылы бюджетке пландалгандан 1 млрд 622 млн сом кем чогултулганын билдирген.

12-02-2018 13:10

Ордо калаада кыргыз тилиндеги бала бакчалардын жетишсиздиги тынчсыздандырууда. Бишкек шаарында 84 бала бакча бар болсо, анын 10у, Ош шаарында 41 бала бакча болсо, анын 5и гана мамлекеттик тилде экен. Мектептердин деле акыбалы андан артык эмес. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Ордо калаада 95 мектеп болсо, 11 мектеп гана мамлекеттик тилде окутат экен. Мага ата-энелер кайрылууда, алар балдарын кыргыз тилинде окуталы десе, орун жетишпей жатыптыр. Биз мамлекеттик тилдин маанисин жогорулатуу маселесин көп жылдан бери көтөрүп келебиз, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакча менен мектептерден баштоо керек», - дейт депутат.

18-01-2018 16:48