Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жаӊы депутаты Марлен Маматалиев парламентте ант берди

15-03-2018 09:39

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Маматалиев Марлен Абдырахманович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Фархат Иминовдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Маматалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1548