Иса Омуркулов: Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ирээтсиз текшерүүлөрдүн айынан чарба жүргүзүүчү субъекттер жапа чегишүүдө

30-05-2018 14:39

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттинин 29-майда өткөн жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету жөнүндө маалыматты угушту.

Талкуунун жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн күчөтүүдө  прокуратура башкармалыгынын ролу өтө  маанилүү экендигин  баса белгиледи.

 “Башкача айтканда силер мамлекеттин көзү дагы, кулагы дагысыңар. Силер жасаган жумуштун жыйынтыгы түзмө-түз мамлекеттик башкаруунун жыйынтыгын көргөзөт. Көңүлүңөрдү текшерүүлөрдүн бир багытка салынган системасынын жоктугуна бургум келет. Негизсиз текшерүүлөрдүн айынан айыл өкмөттөрдөн баштап министрликтерге чейин жапа чегип келишет”, - деди Иса Өмүркулов.

Мындан сырткары депутат мамлекеттик сатып алуудагы көйгөйлөргө да токтолду. Мамлекеттик ишкана тендерде көрсөтүлгөн бааларга ылайык арзан жана сапаты начар буюмдарды алууга муктаж болууда.

“Сапаты жакшы, бирок баасы кымбат буюмду алуу мамлекеттик ишканаларга пайда алып алып келбейт. Себеби анын аркасы прокуратура кызматкерлеринин текшерүүсү менен аяктайт. Мисалга алсак капиталдык курулуштарга алынып жаткан курулуш материалдары арзан жана сапаты начар болгондуктан, жыйынтыгында бат эле сынып же бузулуп калып жатат”, - деп сөзүн аяктады депутат Иса Өмүркулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 370