Бүгүн 6-декабрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Карамат Орозова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен жолукту.

06-12-2018 15:48

Мындай сунушун депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин 15-ноябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү мурда жаштардын комсомол уюму болгонун, бүгүнкү күндө жаштардын башын бириктирген эч кандай орган, уюм жоктугун белгилеп, жаштар министрлигин кайрадан түзүү зарылдыгын билдирди.

20-11-2018 12:19

Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында СДПКчы депутат Карамат Орозова Баткен мамлекеттик университетинин жаңы имараты менен жатаканасын куруу зарылдыгын билдирди.

12-04-2018 16:37

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары фракциянын 16-марттагы жыйынында өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карашты.

28-03-2018 15:26

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана калктын иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты.

06-02-2018 16:41

Бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Карамат Орозова чарба өсүмдүктөрүн зыяндуу оорулардан коргоочу даярдык өндүрүүчү биофабриканы транспорт менен камсыздоо жана штаттагы кызматкерлеринин санын көбөйтүү муктаждыгы бар экендигине токтолду.

01-02-2018 16:48

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн пленардык жыйында жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

01-03-2017 16:51