ИСА ОМУРКУЛОВДУН КЫРГЫЗ ЭЛИН НООРУЗ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

21-03-2018 11:34

Кымбаттуу кыргыз элим!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди өзүмдүн жана СДПК фракциясынын атынан  жаратылыштын жаңылануусун жана жазгы талаа жумуштарынын жандануусун жар салган,  Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз  -  бул жаңы жашоонун башталуусунун, түндү күн, жамандыкты жакшылык,  өлүмдү өмүр жеңүүсүнүн символу. Бул күнү элибизде  бири бирине тынчтык, ачык асман,  амандык каалашып, араздашкандар жарашып, таарынышкандар кечиришип, касташкандар достошуп  келишкен.  Кыргызстанда бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун,  жаңылануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам катары белгиленип келет.

Жараткандын бул Улуу Күнү күн менен түн теңелип, табият менен адамдын ички сезимдери жуурулушуп, ар бир адам өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилешет, ниеттерин ак кылышат.  Жер жарылып көк чыгып, суукту жылуулук жеңип,  дыйкан  кутман талаага болочок түшүмдүн үрөөнүн сээп, мол түшүмдү, токчулукту тилеген.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жаркыраган жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтурсун!

Ылайым Нооруз менен кошо Кыргызстаныбызда  тынчтык, ынтымак-ырашкерлик орун алып, ар бир үй-бүлөгө токчулук-молчулук консун, бардарчылык, кут-береке кирсин! Ар бир  адамдын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү уяласын!

Мекенибиздин келечеги кең, өрүшү кенен болсун! Өлкөбүздө тынччылык, ырыскы, береке орун алсын!

Нооруз  майрамыңыздар  кут  болсун!

 

СДПК парламенттик фракциясынын

лидери Иса Омуркулов

Көрүүлөрдүн саны : 469