Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кытайдын Коммунисттик партиясы менен дүйнөнүн саясий партияларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог” аталышындагы онлайн-конференцияга катышты

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Эмиль Джусупов, Аида Исатбек кызы жана Азамат Исираилов “Кытайдын Коммунисттик партиясы менен дүйнөнүн саясий партияларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог” аталышында өткөн эл аралык онлайн-конференцияга катышты.

16-03-2023
15:35
Толук окуу...

Медициналык багытта билим алып жаткан студенттер үчүн Россиялык ЖОЖдор атайын орундарды карайт

Мындай тажрыйба Ош мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик медицина университетинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт,- дейт ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосуна курган маегинде. ЖК депутаты Айбек Маткеримов бүгүн, 15-мартта "Парламент" радиосунда болуп, ушул март айынын башында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында мигранттар менен жолугушуп келгендигин айтты. Депутат анын алкагында “Кыргызстан-Урал” диаспоралык уюму тарабынан уюштурулган “Миграциядагы аял жүзү” аталыштагы эл аралык форумга катышты. Мындай форум 5-ирет өткөрүлүп жатат. Анын алкагында Свердлов облусунун Губернаторунун орун басары В.Козлов менен жолугушуу уюштурулуп, эки тараптуу алакалар талкууланды. Ошого ылайык, Свердлов облусунун өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, - дейт депутат.

16-03-2023
15:28
Толук окуу...

“Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.

15-02-2023
11:00
Толук окуу...

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрүштү.

16-11-2022
11:59
Толук окуу...

Каражаттардын 13%ы гана дары-дармектерге жумшалат

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Социалдык фонддун, ММКФнын бюджеттеринин аткарылышы, алдыдагы жылдардын божомолу тууралуу маселени карады. Андагы негизги өзгөчөлүктөр тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты, аталган тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Маткеримов "Парламент" радиосуна айтып берди.

14-11-2022
17:13
Толук окуу...