Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 24-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук оюндар боюнча дирекциянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин спорт жаатында алып барып жаткан иштеринин маалыматы угулуп, Улуттук оюндар боюнча бир катар маселелер талкууланды.

24-07-2023
16:56
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту

Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бизнес жаатындагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда тыгыз кызматташуу сындуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

19-07-2023
20:22
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк баштаган делегация менен жолугушту

Бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев кыргыз-корей кызматташтыгы жигердүү өнүгүп, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар да жаңы баскычка жогорулаганын кошумчалады. «Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин ролу өтө чоң. Андыктан кыргыз парламенти Кореялык кесиптештер менен мындан ары да байланыштарды чыңдоого кызыкдарбыз»- деди Нурланбек Азыгалиев.

13-07-2023
15:09
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Өзбекстандагы Президенттик шайлоого байкоочу катары катышты

9-июлда, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З. Низамходжаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутаттар Жалолидин Нурбаев, Азиз Турсунбаев Өзбекстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.

10-07-2023
17:55
Толук окуу...

Нурланбек Азыгалиев Чүй облусунун Панфилов районундагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сугат суу менен камсыздоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Бүгүн, 4-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Чүй облусунун Панфилов районундагы айыл чарба өндүрүшчүлөрүн сугат суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, Панфилов райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Маил Алиаскаров, Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана башка тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

04-07-2023
17:53
Толук окуу...

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Франция мамлекетине иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Франция мамлекетине иш сапары менен барып, аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Садык Шер-Нияз менен баштаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулады. Баарлашуу маалында Францияда жашаган кыргызстандыктарга кыргыз тилин окутуу, айрыкча балдарга эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салтын үйрөтүү жаатындагы маселелер айтылды.

29-06-2023
17:51
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Италия мамлекетиндеги мекендештер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Италия мамлекетине иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында Кыргызстандын элчилигинде болуп, Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Таалай Базарбаев жолугушту. Ошондой эле Италияда жашаган мекендештер менен кезигип, көйгөйлөрүн укту.

20-06-2023
17:49
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Венгрия мамлекетине иш сапары менен барып, ал жактагы мекендештердин көйгөйлөрүн укту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Венгрия мамлекетине иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинде болуп, Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Талантбек Кушчубеков менен бирге инвестиция тартуу жана маданий байланыштарды арттыруу жаатында пикир алышты. Ошондой эле Венгрияда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

19-06-2023
17:46
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Панфилов районундагы бир катар маселелер менен жеринде таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Панфилов районуна караштуу Эфиронос айылына курула турган фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Эл өкүлүн экономика жана коммерция министринин орун басары Руслан Татиков, Панфилов районунун мамлекеттик-администрациясынын башчысы-аким Маил Алияскаров баштаган жетекчилер коштоп жүрдү.

14-06-2023
14:47
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар "Milal heart foundation" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Корея Республикасынын менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Султанбай Ажигитов баштаган депутаттар Жалолидин Нурбаев менен Фарходбек Алимжанов "Milal heart foundation" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

08-06-2023
18:22
Толук окуу...

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутат Мирлан Самыйкожо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту. Жыйынга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов да катышты.

06-06-2023
18:28
Толук окуу...

“Жогорку Кеңеште гендердик теңчиликти алга илгерилетүү” тууралуу талдоо тааныштырылды

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кеңейтилген жыйынында “Жогорку Кеңеште гендердик теңчиликти алга илгерилетүү, жалпы катышуунун негизинде парламентке гендердик баа берүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары” боюнча талдоонун бет ачары болду.

05-06-2023
18:26
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты Андреас Ларем менен жолугушту

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты Андреас Ларем жана Фридрих Эберт атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлү Филип Ян менен жолугушту.

30-05-2023
18:19
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районунан келген окуучулар менен жолугушту

Бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан А.Закиров атындагы орто мектептин, ошондой эле Кара-Балта шаарында орун алган №9 Д.Шопоков атындагы мектептин окуучуларын кабыл алды.

17-05-2023
18:16
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптик билим берүү маселесин талкуулаган эл аралык форумга катышты

Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Камила Талиева, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев жана Эльдар Сулайманов “Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” аталышындагы эл аралык форумга катышты.

16-05-2023
18:13
Толук окуу...

Жогорку Кеңештин депутаттары Чу дарыясынын жээгиндеги абал менен жеринде таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев менен Джамиля Исаева баштаган депутаттар Медербек Саккараев, Сеидбек Атамбаев, Бакыт Тентишев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү жетекчилер менен бирге Чу дарыясынын суу жеп кеткен тилкелери менен жеринде таанышты.

16-05-2023
18:11
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Улуу Жеӊиштин 78 жылдыгына карата Панфилов районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга катышты

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Улуу Жеӊиштин 78 жылдыгына карата Панфилов районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга катышты.

09-05-2023
18:09
Толук окуу...

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен баарлашып, Жеңиш майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жеңиш майрамын утурлай Жайыл районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүнө барып, кабар алды.

08-05-2023
18:07
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн маарекелик иш-чараларга катышты

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл районунун кайрадан түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн маарекелик иш-чараларга катышты.

08-05-2023
18:01
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен депутат Эльвира Сурабалдиева Токиодо өтүп жаткан парламентарийлердин Азия форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен депутат Эльвира Сурабалдиева Япониянын борбор калаасы Токио шаарына иш сапары менен барып, Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентарийлердин Азия форумуна катышты.

27-04-2023
17:49
Толук окуу...

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов районундорунда жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолугушту

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарына барып, башка өлкөдөн жер которуп Жайыл жана Панфилов районундоруна олтурукташкан этникалык кыргыздар менен жолугушту. Жолугушууга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева жана Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев менен Панфилов районунун акими Маил Алияскаров баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

19-04-2023
18:21
Толук окуу...