Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Электр энергиясына терминал аркылуу төлөө кыйынчылыкты жаратууда

Бүгүн 2022-жылдын 7-сентябрында КР Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев ага келип түшкөн маселени көтөрдү. Айыл жерлеринде электр энергияга акы төлөөдө көйгөйлөр келип чыгууда. Себеби энергия үчүн  акыны терминал аркылуу төлөнсүн деген буйрук  чыккан. Терминал менен төлөөдөгү кыйынчылык, ар бир эле айылда акча кабыл алуучу терминалдар жок. Эл терминал издеп, райондун борборлоруна барышат, бул үчүн электр энергиясынын акысынан эки-үч эсе көп каражат кетиришет, убакыт кетиришип убара болушат. Мисалы электр эсептегичте 80 сом эсеп чыккан болсо, аны райондун борборуна барып төлөө үчүн андан эки эсе ашык жол кире төлөшөт. Эгер жаңылыш төлөп алышса, аны оңдотуу үчүн кайрадан район борборуна баруу керек.  Бул жергиликтүү тургундар үчүн кыйынчылыкты жаратат.

07-09-2022
10:48
Толук окуу...

Абдалиев Мейкинбек Акимович Жогорку Кеңеште ант берди

2022-жылдын 16-мартында депутат Мейкинбек Абдалиев парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарына киришти. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан эле.

17-03-2022
09:03
Толук окуу...