Жогорку Кенештин депутаты Сагындык Келдибаев Салтанатка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева, облус, район жетекчилери менен биргеликте катышты.

14-09-2018 13:41

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл округунун эли менен жолугушту. Эл өкүлү райондун акими Бактыбек Алайчиев менен бирге анча-мынча маселелерди ордунда чечишти.

10-08-2018 15:14

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын эли менен жолукту. Тургундар Кара-Дарыянын жээгиндеги тосмону суу жеп жыл сайын чоңоюп кетип жаткандыгын айтышып, тез арада тосмону бекемдебесе жергиликтүү эл үчүн өтө кооптуу экенин айтышты. Эл өкүлү бул ишти Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тез арада сунуштай турганын билдирди.

09-08-2018 20:50

Бүгүн 8-август күнү Жогорку Кеңештин Республика-Ата Журт фракциясынын депутаты С. Келдибаев Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык округунун тургундары менен жолукту.

08-08-2018 18:19

Депутат Сагындык Келдибаев Өзгөн районундагы бир катар айыл тургундары менен жолугушууну баштады. Биринчи жолугушуу бүгүн Куршаб айыл өкмөтүндө болуп өттү.

08-08-2018 12:42

Ыргал Кадыралиеванын билдирүүсү боюнча Сагындык Келдибаев бул маалыматтары калп экенин айтып, Ы. Кадыралиеванын үстүнөн жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн сотко арыз бергенин билдирди.

20-06-2018 18:45

Бүгүн өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кызматкерлерине турак жайларды бөлүштүрүүдө конкреттүү коррупция бар экенин айтып, бул ишти тартипке салбаса болбой турганын эскертти. Андан сырткары С. Келдибаев өткөн жылдагы табигый кырсыктардан улам Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш жана Ынтымак айылдарындагы курулуп башталган мектептерге каражат бөлүнбөй токтоп турганын айтып, сентябрь жакындап калганын, жаңы окуу жылына даяр болуш керек экенин өкмөт башчынын эсине салды.

14-06-2018 20:10

Жергиликтүү тургундар совет мезгилинде пайдаланууга берилип, ушул кезге чейин оңдолбой келген мектептер тууралуу маселе көтөрүштү. Кысык-Алма айылындагы мектепке буга чейин 9 млн сом каражат бөлүнгөн, учурда дагы 25 млн сом керектелүүдө, бирок ал азыркы кезге чейин мамлекет тарабынан бөлүнбөй келгендиктен, курулуш иштери токтотулган.

04-06-2018 15:32

В Жогорку Кенеше сегодня заслушивают отчет генерального прокурора за 2017 год. Депутат парламента Сагындык Келдибаев поднял вопрос об уголовном деле экс-сотрудника Ошской прокуратуры Канжара Кадыралиева.

30-05-2018 15:47

2018-жылдын 10-май күнү Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер бөлүгүндө депутат Сагындык Келдибаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга чет өлкөдө эмгектенген Кыргызстандын жарандарына арзандатылган ипотекалык негизде турак-жай ала турган долбоорду тез арада иштеп чыгуусу керек деген сунушун айтты.

29-05-2018 16:54

Жогорку Кеӊешке "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев 25-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

29-05-2018 15:50