Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев "Аргымак" федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

25-01-2019 16:50

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Самаев Чүй райондук жана Токмок аймактык ооруканасына байланыштуу маселеге токтолду. 1967-жылдан бери иштеп келген Чүй райондук ооруканасы 60 миңге жакын калкты тейлегенин баса белгилеп, аймактык оорукана Токмок шаарына, Кемин, Ысык-Ата районуна жана коңшу Казакстандын Кыргызстанга жакын жайгашкан аймагына жардам көрсөтөөрүн кошумчалады.

06-12-2018 10:38

SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев жооп берди. Ал соттор эч нерсеге карабай, фактынын негизинде гана чечим чыгаруусу кажет деген оюн айтты.

18-10-2018 15:21

Депутат Урмат Самаев "Кыргыздын мыкты жигити" медалы менен сыйланды

04-10-2018 15:45

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Чүй районунун ардактуу тургундары болгон - аксакалдуу аталарды, ак элечектүү апаларды 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен депутат Канат Исаевдин жана өзүнүн атынан куттуктады.

28-09-2018 12:02

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Урмат Самаев Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүндөгү көйгөйлүү маселелерге токтолуп, 20 миңге жакын жашоочулардын көпчүлүгүн түзгөн жаштар үчүн спорт комплексин куруу керек экендигин айтты.

20-09-2018 10:50

Курман айтта окулчу айт намазы, союла турган курмандыктар, көзү өткөндөргө арналган курандар, соопчулук, кайрымдуулук иштер кабыл болуусуна тилектешмин!

20-08-2018 23:23

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев жооп берди.

27-07-2018 15:03

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Чүй айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы жаңы мечиттин ачылышына катышты.

20-07-2018 14:20

Бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Чүй райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, ал жактан тагдырдын оор сыноосуна кабылып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин алып, Чүй районунун бир нече айылдарындагы жана Токмок шаарындагы жашоочуларга башкармалыктын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жолугуп, майыптардын коляскасын тапшырып, алардын арыз-армандарын укту.

20-07-2018 12:38

5 июля в Бишкеке состоялся очередной съезд Федерации кок-бору КР, главным вопросом которого были выборы нового президента. В съезде приняли участие 77 делегатов со всех областей республики, а также городов Ош и Бишкек.

06-07-2018 12:33

Кечээ, 26-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу сурады.

27-06-2018 08:42

“Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев "Азия-Ньюс" гезитинин бир нече суроолоруна жооп берди.

31-05-2018 16:50

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга убактылуу келген эмгек мигранттарына байланыштуу маселеге токтолду.

31-05-2018 09:57

“Чемпион” каймана аты бар, бокс боюнча спорт чебери, Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Урмат Самаевди бүгүнкү, 25-май туулган күнү менен куттуктап, эл өкүлүнүн бейне сүртүмдөрүнө кайрылалы дедик.

25-05-2018 12:35

Энелер - нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. «Эне таманы турган жер - бейиш» деп бекеринен айтылган эмес. Эне мээримине, аруулугуна, күчтүүлүгүнө эч нерсе тең келе албас, анткени, эне адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыкты жер сыяктуу кебелбей көтөрүп келет. Энелердин көз жашы эч качан төгүлбөсө экен деп тилейм.

20-05-2018 08:51

Улуу Рамазан айы – тазалануу жана аруулануу мезгили. Адам баласы орозо кармап, ички жан дүйнөсүн тазартып, руханий аруулукка умтулат. Бул айдын ыйыктыгы - ыймандын тазалыгына умтулуусунда, адамдагы эң бийик – адамдык сапатты сактап калууга тилек кылып, келечектен жакшы үмүттөрдү самап, элди биримдикке, ынтымакка, кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка, өз ара түшүнүүгө, урматтоого жана сыйлоого чакыруусунда.

16-05-2018 18:03

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Премьер-министр, сот кызматтарына бара жаткан жарандын кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев жооп берди.

08-05-2018 17:43

Бүгүн, 1-майда эртең менен саат 07:00дөр чамасында Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан уурулукка, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган үч жаран качып кеткенин Чүй ОИИББинен билдиришкен.

01-05-2018 15:28

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев “Бурана” тарыхый-археологиялык комплексиндеги бир нече көйгөйлөргө токтолду.

26-04-2018 11:02