Джумабеков Дастанбек Артисбекович

Джумабеков Дастанбек Артисбекович

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 23-январда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында коюлган “Керээз” тарыхый драмасынын премьерасына барып, бул спектаклде 19-кылымдагы белгилүү коомдук-саясий ишмер Боромбай бийдин тагдыры жана ошол учурдагы кыргыздардын жашоо-турмушу жогорку чеберчилик менен чагылдырылганын белгиледи. “Бүгүнкү премьерада өнөр адамдары бизди мындан 100-150-жыл мурдагы тарыхыбызга алып барып келгендей эле болду. Кыргыз элинин бүгүнкү эгемендикке жетиши үчүн кандай татаал жолду басып өткөнүн дагы бир жолу эске салды. Ата-бабаларыбыз бүгүнкүдөй өз алдынча мамлекет болушубузду эңсеп, ал үчүн талыкпай күрөшкөнүн көрсөтө алды”, - деди Төрага.

01-02-2018 20:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бүткүл дүйнөлүк “Кулатуу Эртаймаш” Улуттук күрөш федерациясынын президенти, “Бакубат Келечек” кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Руслан Кыдырмышев менен Эрежесиз эр таймаштын бразилиялык “вале-тудо” версиясы боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Жаманаковду Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле Жаманаковго энчилүү саат ыйгарылды.

26-01-2018 20:12

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 14-июнда Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэни кабыл алды. Иш чара Жапония элчиси Такаюки Коикэнин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандына байланыштуу болду.

26-01-2018 20:10

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 23-январда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында коюлган “Керээз” тарыхый драмасынын премьерасына барып, бул спектаклде 19-кылымдагы белгилүү коомдук-саясий ишмер Боромбай бийдин тагдыры жана ошол учурдагы кыргыздардын жашоо-турмушу жогорку чеберчилик менен чагылдырылганын белгиледи. “Бүгүнкү премьерада өнөр адамдары бизди мындан 100-150-жыл мурдагы тарыхыбызга алып барып келгендей эле болду. Кыргыз элинин бүгүнкү эгемендикке жетиши үчүн кандай татаал жолду басып өткөнүн дагы бир жолу эске салды. Ата-бабаларыбыз бүгүнкүдөй өз алдынча мамлекет болушубузду эңсеп, ал үчүн талыкпай күрөшкөнүн көрсөтө алды”, - деди Төрага.

23-01-2018 20:17

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган кыргыз парламентинин делегациясы өзүнүн Германиядагы иш сапарында Бундестагдын вице-президенти Вольфганг Кубики, «Германия – Борбордук Азия» парламенттер аралык достук тобунун төрагасы жана депутат Манфред Грунд, Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлигинин статс-катчысы жана Бундестагдын депутаты Ханс-Йоахим менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

19-01-2018 20:26

15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.

15-01-2018 20:32

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун 2018-Жаңы жыл майрамына карата куттуктоосу.

31-12-2017 00:02

Төрага Дастанбек Жумабеков Ош шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Ак-Текс" пахта тазалоочу заводунун иши менен таанышты. Белгилүү болгондой, суткасына 60 тонна пахтаны тазалап, 22 тонна була чыгарган бул заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу 12 миӊ тонна. Ага ылайык быйыл бир катар пахта өстүрүүчү чарбалар менен келишимдер түзүлгөн. Заводдун жетекчилиги билдиргендей, учурда 6900 тонна иштетиле элек түшүм бар жана 2600 тонна пахта буласын кайра иштетүү пландалууда. Ишканада 97 адам эмгектенип, өндүрүлгөн продукция Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

23-12-2017 20:41

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары Ош облусунун активи менен жолугушту.

23-12-2017 20:39

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрияга болгон атайын иш сапарынын алкагында 10-июнда Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Венгриянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышышты.

11-01-2016 20:07