Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети демилгелеген “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (КР Мин.Каб. төрагасынын каты: кир. № 6-17507/22, 08.09.2022-ж.) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын майзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-р буйругунун негизинде өткөрүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына масштабдуу инвентаризациянын алкагында даярдалды. Мыйзам долбоору эки мыйзамга – 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамына жана 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” КР Мыйзамына берилген баалардын жыйынтыктарына ылайык иштелип чыккан жана анда төмөнкүлөр сунушталган: 1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамы (мындан ары – Маалыматка жетүү жөнүндө мыйзам) Баа берүүдө келтирилген сунуштарга ылайык бышыктап иштеп чыгууну талап кылат; 2) “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” КР Мыйзамынын айрым жоболорун Маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамына интеграциялоо менен жеке адамдарга тиешелүү жеке маалыматтарды коргоо караштырылган тиешелүү ченемдерди “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамга кошуу менен күчүн жоготту деп таанылсын жана тиешелүү кодекстерде жарандарга өзү тууралуу маалыматка жеткиликтүү болуусунан баш тарткан жеке адамдардын иш-аракеттерине даттануу үчүн жоопкерчилик каралсын. Мыйзам долбоорунун максаты – ар бир адамдын маалымат эркиндигине, анын ичинде ушул Мыйзамда аныкталган мамлекеттик сектордун субъекттеринин, башка маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматка жетүүсүнө болгон укуктарынын ишке ашырылуусун жана коргоолуусун камсыз кылуу жана алардын ишиндеги максималдуу маалыматтык ачык-айрымдуулукка жетишүү, алардын отчеттуулугун жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү, коррупция менен күрөшүү, алардын коомдук-укуктук милдеттерди аткаруусуна болгон коомчулуктун контролун жүзөгө ашыруу ж.б. болуп саналат. Маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдын колдонуудагы редакциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн саны анын текстинин жарымынан көпчүлүгүн түзгөндүгүнө байланыштуу Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы иштелип чыкты. Мыйзам долбоору менен Мыйзамдын аталышын өзгөртүү, анын жөнгө салуу предметин, мамиле-катыш субъекттерин кеңейтүү, ачыкталууга же болбосо купуя болууга тийиш маалыматтардын категорияларын, түрлөрүн тактоо сунушталат. Комитет Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт: Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордун субъекттери аныкталган. Бирок Мыйзам долбоорунун өзүндө мамлекеттик сектор түшүнүгү аныкталган эмес. Ушуну менен бирге, 34-берененин 7-пунктунда көрсөтүлгөн укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкы түшүнүгү берилген эмес. Маалымкат-негиздемеде сунушталган Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Коммерциялык сыр жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамдарга, Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылына тургандыгы көрсөтүлгөн. Аталган Мыйзам долбоору белгиленген тартипте даярдалды жана ушундай тартипте алдыга илгерилетилмекчи. Бирок, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Мыйзам долбооруна карата “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизаларды корутундусу бар. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга жана жагымсыз социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Сунушталган Мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутунду кабыл алды: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын жактыруу жана аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын. 2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлсүн. Төрага М. Сыдыков

06-03-2023
16:24
Толук окуу...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2023-жылдын 24-январындагы “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (үчүнчү окууга) КОРУТУНДУСУ Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-августундагы чыг. № 26-21686 каты) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоорунун концепциясы жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана ушул чөйрөдө көрсөтүлүүчү каттоо кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн зарыл болгон, инсандыгын ырастаган документтердин тизмесине качкындын күбөлүгүн Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адамдын инсандыгын ырастоочу документ катары киргизүү менен толуктоо сунушталат. Аталган Мыйзам долбооруна туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, жакын тууганынын, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкеринин инсандыгын ырастоочу документти мамлекеттик каттоо үчүн тапшыруу сыяктуу ченемдер, ошондой эле баланын ата-энеси жөнүндө маалыматты туулгандыгы тууралуу күбөлүккө киргизүүдө бала чындыгында ушул атасынын колунда тарбияланып жатканын жана турмуштук оор кырдаалда турбагандыгын талап кылынган ченемдер менен толукталат жана бул балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилет. Мындан тышкары, киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге туруусун чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын никеге турууга укуктук жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин негизинде мамлекеттик каттоо, ошондой эле атын өзгөртүүнү каттоодогу жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берүү маселелерин жөнгө салат. 16 жашка чыга элек адамдардын атасынын атын өзгөртүү жагынан карама-каршылыктарды болтурбоо максатында, долбоордо туулганда ыйгарылган атасынын атын өзгөртпөө жөнүндө ченем сунушталат. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо редакциялык мүнɵздɵгү сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкɵн жок. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасыныны Мыйзамынын 56-беренесине ылайык жана баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди: 1. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үчүнчү окууда кароого киргизилип, кабыл алууга сунушталсын; 2. Мыйзам долбоорун кароодо баяндамачы болуп Комитеттин төрагасы М. Сыдыков жана кошумча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Иманов Т.О., Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Н.С. аныкталсын. Төрага М. Сыдыков

06-03-2023
16:22
Толук окуу...