КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаары, 1993-жылдын 7-майы N 1194-XII Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө

20-04-2017 15:07

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1993-жылдын 7-майы N 1194-XII
Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө
(КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги N 1501-XII, 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2000-жылдын 15-январындагы N 23, 2000-жылдын 7-июнундагы N 54, 2001-жылдын 4-августундагы N 81, 2002-жылдын 20-мартындагы N 41, 2002-жылдын 25-мартындагы N 45, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144, 2002-жылдын 29-декабрындагы N 166, 2003-жылдын 5-декабрындагы N 229, 2004-жылдын 12-февралындагы N 12, 2004-жылдын 11-августундагы N 112, 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 3-январындагы N 2, 2005-жылдын 4-июлундагы N 92, 2005-жылдын 12-июлундагы N 102, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2006-жылдын 27-январындагы N 14, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 222, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 226, 2007-жылдын 25-июнундагы N 90, 2008-жылдын 19-мартындагы N 26, 2008-жылдын 19-мартындагы N 30, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ N 128, 2015-жылдын 24-июлундагы № 190, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
 (КР Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 7-майындагы N 1195-XII токтому менен колдонууга киргизилген)  
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, ички аскерлеринин жана башка аскер кошундарынын аскер кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы каржы полициясынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарды пенсия менен камсыз кылуунун шарттарын, нормаларын жана тартибин аныктайт.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2001-жылдын 4-августундагы N 81, 2005-жылдын 3-январындагы N 2, 2005-жылдын 12-июлундагы N 102, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I
Жалпы жоболор
1-статья. Пенсия менен камсыз кылуунун түрлөрү
Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары - ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарында иштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсия алууга укуктуу.
Ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда майып болуп калган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат.
Аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар курман болгон же каза болгон учурда алардын үй-бүлөлөрү баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат.
(КР 2005-жылдын 12-июлундагы N 102, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Пенсия менен камсыз кылуунун шарттары
Пенсия менен камсыз болууга укугу бар аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга пенсиялар ушул мыйзамга ылайык алар кызматтан бошогондон кийин дайындалат жана төлөнөт.
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсиялар, ал эми алардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар кызмат өтөгөндүгүнүн узактыгына карабастан дайындалат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен бирдей пенсия алууга укугу бар адамдар
Ушул Мыйзам тарабынан мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө белгиленген пенсия менен камсыз кылуунун шарттары, нормалары жана тартиби (эгерде башкача белгиленбесе):
а) партизандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө (ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөндөрдөн башка);
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тиешелүү категориядагы жумушчуларга жана кызматчыларга, Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде согуш аракеттери жүргөн райондордо (фронтко чукул темир жол участокторунда, коргонуу чектеринин, аскер-деңиз базаларынын, аэродромдордун жана башкалардын курулушунда) иштегендерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө;
в) жок кылуу батальондорунун, элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын курамында болгон граждандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө;
г) окуу же атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөргө жана алардын үй-бүлөлөрүнө;
д) мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жатпаган аскерлештирилген кайтаруунун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө да тиешелүү түрдө колдонулат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69 Мыйзамынын, 2005-жылдын 12-июлундагы N 102 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Офицердик курам, үстөк кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен бирдей пенсия алууга укуктуу адамдар
Ушул Мыйзамда офицердик курамдагы адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн белгиленген негиздерде партизан отряддарында жана бирикмелеринде офицердик курамдын кызматына ылайык келген командалык кызматты ээлеген адамдар да пенсия менен камсыз кылынат.
Ушул Мыйзамда үстөк кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн белгиленген негиздерде ыктыярдуу тартипте чыныгы аскердик кызматка солдаттын, матростун, сержанттын жана старшинанын кызматына кабыл алынган аялдар жана алардын үй-бүлөлөрү да пенсия менен камсыз кылынат.
5-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негиздерде аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсия дайындоо 
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
6-статья. Каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө берилүүчү пенсиялар
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрү аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарынын үй-бүлөлөрү менен жалпы негиздерде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Пенсияны тандап алуу укугу
Бир эле мезгилде ар кандай мамлекеттик пенсия алууга укуктуу аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тандап алган бир гана пенсия төлөнөт.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Пенсия төлөөгө кетүүчү каражаттар 
(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды төлөө мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Пособиелерди төлөө
Кызматтан бошотулуучу аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга, тиешелүү категориядагы аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын жана аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен пенсияга чыккандардын баккан адамынан айрылган үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө пособие төлөнөт.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Пенсия менен камсыз кылуучу органдар
Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо ушул Мыйзамга ылайык социалдык фонд органдары тарабынан ишке ашырылат.
Ушул Мыйзам боюнча офицердик курамдагы адамдарды, прапорщиктерди, мичмандарды жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерин, прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2002-жылдын 20-мартындагы N 41, 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Пенсионерлерге социалдык жактан жардам көрсөтүү – 
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
12-статья. Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар
(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
II
Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн берилүүчү пенсиялар
13-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары
Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:
а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, каржы полициясында, атайын байланыш кызматында 20 жыл же андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
"б) курагы, оорусу, штаттардын кыскарышы же ден соолугунун абалынын чектелгендиги боюнча кызматтан бошотулган офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар жана кызматтан бошотулган күнгө карата:
- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 50 жаш курагындагы эркектер;
- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 45 жаш курагындагы аялдар пенсия алууга укуктуу.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрү
Көп кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсиялар төмөнкү өлчөмдөрдө дайындалат:
а) 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга (13-статьянын "а" пункту): 20 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 55 проценти, ал эми курагына же оорусуна байланыштуу отставкага кеткендерге 60 проценти (45-статья); 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн ар бир жыл үчүн акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 3 проценти, бирок бардыгы бул суммалардын 80 процентинен ашык болбоого тийиш;
б) жалпы камсыздандыруу стажы бар офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга: эркектердики - 25, аялдардыкы 20 календардык жыл жана андан ашык болгон, алардын ичинен кеминде 12 жыл жана 6 айын (эркектер) жана 10 жылын (аялдар) атайын наам ыйгарылган учурдан тартып аскердик кызмат же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн (13-берененин "б" пункту): жалпы камсыздандыруу стажы эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 процент жана эркектерге 25 жылдан жана аялдарга 20 жылдан ашык стаждын ар бир жыл үчүн акчалай каражаттын тиешелүү суммаларынын 1 проценти (45-статья).
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү
Ушул Мыйзамга ылайык көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү пенсиялар эсептешүү көрсөткүчүнөн кем болбоого тийиш.
16-статья. Согуштун майыптарынын, анын катышуучуларынын жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун натыйжасында жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердеги кыйроолордун натыйжасында жапа чеккен адамдардын пенсиясын жогорулатуу
Согуштун майыбы болуп эсептелген офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын (21-статьянын "а" пункту) көп жыл Кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсиясы ушул Мыйзамдын 23-статьянын "а" пунктунда каралган мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун ичинен согуштун майыбы болуп калгандар үчүн майыптыгынын тиешелүү тобу боюнча каралган пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүнүн суммасына жогорулатылат. Мында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары III топтогу согуш майыптарына теңештирилет.
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы, согушка катышуучу болуп эсептелген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан, Улуу Ата Мекендик согуштун убагында чек ара аскерлеринде, анын ичинде Жол катнаш эл комиссариатынын атайын түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарга кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсиялар эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 процент өлчөмүндө жогорулатылат.
Чернобыль АЭСинин жана граждандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга катышкан аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга, кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсиялар эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.
Атайын жыйындарга чакырылган жана граждандык же аскердик арналыштагы атомдук объектилердеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткарууга тартылган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ошондой эле ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамында адамдар эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө пенсиясына кошумча алууга укуктуу.
Көп жыл кызмат өтөгөндүгү жана майыптыгы боюнча пенсиялар адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат:
- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга;
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;
- Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2002-жылдын 29-декабрындагы N 166, 2003-жылдын 5-декабрындагы N 229, 2004-жылдын 12-февралындагы N 12, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга кошумча төлөөлөр
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга дайындалуучу көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияларга (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдө эсептелип чыгарылган) төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр чегерилет;
а) 1930-50-жылдарда саясий шылтоолор менен репрессияланган, уголовный жоопкерчиликке негизсиз тартылган жана кийин реаблитацияланган граждандардын пенсиясы жашы боюнча минималдуу пенсиянын 100 процентине көбөйтүлөт;
б) "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" же "СССРдин ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга биринчи топтогу майып болуп эсептелген пенсионерлерге (16-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсиясын жогорулатууга укуктуу болгондордон башка), ошондой эле 80 жашка толгон пенсионерлерге аларды багуу үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөлөр чегерилет;
в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 процент өлчөмүндө (16-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсиясын жогорулатууга укуктуулардан башкалары).
Ушул статьяда каралган үстөктөр бир эле мезгилде эсептелиши мүмкүн.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69,, 2008-жылдын 19-мартындагы N 26, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-статья. Көп жыл кызмат өтөгөндүгүн эсептеп чыгаруу
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга ушул Мыйзамга ылайык пенсияларды дайындоо үчүн көп жыл кызмат өтөгөндүгүн эсептеп чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III
Майыптыгы боюнча берилүүчү пенсиялар
19-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары
Майыптыгы боюнча пенсиялар эгерде алар кызмат өтөп жаткан мезгилде же кызматтан бошонгондон кийин кеминде 3 айдан кийин майып болуп калса, же болбосо эгерде алар бул мөөнөттөн кечирээк, бирок кызмат өтөө мезгилинде жарат алуунун, контузия болуунун, мандемдүү болушунун же ооруга дуушар болуунун натыйжасында майып болуп калса, аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга дайындалат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Майыптыгын аныктоо
Майыптыктын тобу жана себептери, ошондой эле майып болуунун убактысы медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан аныкталат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жобонун негизинде иш жүргүзөт.
Эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон даражасына жараша майыптар 3 топко бөлүнөт.
(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Майып болуунун себептери
Майып болгондугунун себебине жараша аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт;
а) согуштун майыптары - мурдагы СССРди, КМЫны, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин (кызматтык милдеттер) аткарууда, же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу, Чернобыль АЭСиндеги, башка граждандык жана аскердик багыттагы атомдук объектилердеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруунун натыйжасында ооруп калгандыгына же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланыштуу жараат, контузия же мандемдүү болуунун натыйжасында майып болуп калгандар;
б) аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен аскердик кызматтын милдеттери (кызматтык милдеттерин) аткаруу менен байланышпаган кырсыктын натыйжасында алынган жаракаттын, же болбосо фронтто болгондугуна, Чернобыль АЭСиндеги, башка граждандык жана аскердик арналыштагы атомдук объектилердеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруу же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланышпаган оорунун натыйжасында майып болуп калган башка майыптар болуп бөлүнөт.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрү
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсиялар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
а) I жана II топтогу согуштун майыптарына иштеп тапканынан (акчалай каражаттын суммасынын, мындан ары иштеп тапканы деп аталат) 80 проценти, III топтогу майыптарга - 60 проценти өлчөмүндө дайындалат.
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, аскер кызматындагы аялдарга, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга, атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөргө Чернобыль АЭСиндеги кыйроодон улам мандемдүү болуунун же ооруга чалдыгуунун натыйжасында белгиленген майыптыгы боюнча пенсия алардын каалоосу боюнча тыюу салынган зонада иштегендиги үчүн көбөйтүлгөн акчалай каражаттан, ал эми мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине эсептешүү көрсөткүчүнүн сегиз эселенген өлчөмүнөн чыгарылышы мүмкүн.
б) I жана II топтогу башка майыптарга иштеп тапканынын - 55 проценти, III топтогуларга - 30 проценти өлчөмүндө дайындалат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 222, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Пенсиялардын эң төмөнкү өлчөмдөрү
Майыптыгы боюнча пенсиялардын эң төмөнкү өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленет:
а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун ичинен согуштун I топтогу майыптарына эсептик көрсөткүчтүн - 175 пайыз, II топтогуларга - 150 пайыз, III топтогуларга - 100 пайыз өлчөмүндө;
б) мөөнөттүү кызматтын старшиналарынын, сержанттарынын, ефрейторлорунун жана улук матросторунун ичинен майыптарга - 110 пайыз өлчөмүндө, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, финансылык полициянын, атайын байланыш кызматынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдарынын ичинен майыптарга - 120 пайыз, ал эми ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин, финансылык полициянын, атайын байланыш кызматынын офицердик курамынын жана жетекчи курамынын (кенже курамдан бөлөк) ичиндеги майып адамдарга - ушул статьяда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен майыптар үчүн пенсиялардын тийиштүү эң аз өлчөмүнүн 130 пайызы;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскердик кызмат өтөп жүргөндө жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуга байланыштуу же жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттерде жумуштарды аткарууда же согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетти аткарууда майыптык алган (I, II, III топтор) башка майыптарга - 300 сом өлчөмүндө жана андан кийин мурунку жылдагы орточо эмгек акынын (республикада иш жүзүндөгү) 15 пайызынан кем эмес деңгээлде көмөк көрсөтүлөт.
(КР 2008-жылдын 19-мартындагы N 30, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ N 210 "Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларынын майыптык боюнча пенсияларынын эң төмөнкү өлчөмүн жогорулатуу жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучулары үчүн компенсацияларды белгилөө жөнүндө" Жарлыгы;
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-октябрындагы N 713 "Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн белгилөө жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучулары үчүн компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтому
24-статья. Майыптардын айрым категорияларынын пенсияларын жогорулатуу
Пенсиялардын башка түрлөрүнө жана багууга кошумча төлөөгө ушул Мыйзамдын 26-статьясынын "б" пунктунда каралган укуктары жок болгон согуштун II топтогу майыптарына пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 процентине жогорулатылат.
25-статья. Майыптыгы боюнча пенсияларды курагы боюнча же көп жыл иштегендиги боюнча пенсиялардын өлчөмүндө дайындоо
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарынын ичинен болгон I жана II топтогу, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн (анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда) зарыл болгон камсыздандыруу стажысы бар майыптарга майыптыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамда тиешелүү иш стажысы үчүн каралган курагы боюнча пенсиянын өлчөмүндө дайындалышы мүмкүн.
Офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон I жана II топтогу майыптар көп жыл иштегендиги үчүн пенсия дайындоо үчүн зарыл болгондой кызмат өтөсө, майыптыгы боюнча пенсия аларга тиешелүү жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн берилүүчү пенсиянын өлчөмүндө дайындалышы мүмкүн (13-статьянын "а" пункту).
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Майыптыгы боюнча пенсияга кошумча төлөөлөр
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча дайындалуучу пенсияларга (анын ичинде тиешелүү эң төмөнкү өлчөмдө эсептелип чыгарылган) төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр чегерилет:
а) 1930-50-жылдарда саясий шылтоолор менен репрессияланган, уголовный жоопкерчиликке негизсиз тартылган жана кийин реаблитацияланган граждандардын пенсиясы жашы боюнча минималдуу пенсиянын 100 процентине көбөйтүлөт;
б) башка адамдын багуусуна муктаж болгон согуштун I топтогу майыптарына, Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу I топтогу майып деп табылгандарга; Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу II топтогу майып болуп калган жалгыз бой майыптарга жана согуштун жалгыз бой майыптарына - аларды багуу үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 проценти өлчөмүндө, ал эми башка адамдын багуусуна муктаж болгон I топтогу майыптарга, жана топтогу жалгыз бой майыптарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөлөр чегерилет;
в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 процент өлчөмүндө;
г) "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" же "СССРдин ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйлангандардын эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.
Ушул статьяда каралган кошумча төлөөлөр бир эле учурда кошуп төлөнүшү мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык дайындалган Улуу Ата мекендик согуштун майыптары болуп саналган жана аларга теңештирилген адамдарга, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына, Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга катышкан аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсиясына айына 300 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөө белгиленет.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2002-жылдын 29-декабрындагы N 166, 2004-жылдын 12-февралындагы N 12, 2008-жылдын 19-мартындагы N 26, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-статья. Согуштун катышуучуларына, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан адамдарга, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарга майыптыгы боюнча пенсияларды көбөйтүү
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы согушка катышуучу болуп эсептелген адамдарга, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан, Улуу Ата Мекендик согуштун убагында чек ара бөлүктөрүндө, анын ичинде Жол катнаш эл комиссариатынын атайын түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарга пенсиялар эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 процент өлчөмүндө жогорулатылат.
Чернобыль АЭСинин жана граждандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга катышкан ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы аскер кызматкерлерине пенсиясы эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2003-жылдын 5-декабрындагы N 229 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Майыптыгы боюнча пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн мөөнөттөрү
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын майыптыгы боюнча пенсиялары МСЭК тарабынан белгиленген бүткүл мезгилге дайындалат, ал эми 60 жаштан ашкан майып эркектерге жана 55 жаштан ашкан майып аялдарга пенсиялар өмүрү өткөнчө дайындалат, алардын майыптыгын күбөлөндүрүү алардын өздөрүнүн арызы боюнча гана жүргүзүлөт.
Пенсиялык куракка жетпеген пенсионер эмгекке жарамсыз деп табылган учурда анын пенсиясы ал эмгекке жарамсыз деп табылган айдын акырына чейин, бирок майыптыгы белгиленген күнгө чейин гана төлөнөт.
(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья. Майыптыгынын тобу өзгөргөндө пенсияны кайра эсептөө
Пенсия дайындалгандан кийин майыптыгынын тобу өзгөрсө, тиешелүү түрдө пенсиянын өлчөмү да өзгөрөт. Мында, эгерде согуштун майыбынын майыптыгы жалпы оорусуна, эмгектен жаракат алышына же кесиптик ооруга байланыштуу күчөп кетсе, пенсия майыптыгынын жаңы тобу боюнча кайра эсептелет, мында анын себептери сакталат.
30-статья. Майыптыгы боюнча төлөнбөй калган пенсияларды кайра төлөө
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон майыптар МСЭКте күбөлөндүрүүдөн өтүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда ага пенсия төлөө токтотула турат жана ал кайрадан майып деп табылган учурда пенсия төлөө токтотулган күндөн баштап кайра төлөнөт, бирок ал күбөлөндүрүүдөн өткөн күнгө чейинки бир айдан ашпоого тийиш.
Майып тарабынан күбөлөндүрүүдөн өтүү мөөнөтү жүйөлүү себептердин натыйжасында болгон учурда ага пенсия төлөө ал токтотулган күндөн тартып төлөнөт, бирок күбөлөндүрүүдөн өткөн күндөн тартып, эгерде ВЭЭК аны майып деп тапса, 3 жылдан ашпаган мөөнөткө төлөп берет. Мында эгерде күбөлөндүрүү учурунда майыпка майыптуулуктун башка тобу белгиленсе аталган мезгилге пенсия мурдагы майыптуулук тобу боюнча төлөнөт.
(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IV
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча төлөнүүчү пенсиялар
31-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар, эгерде алардын баккан адамы кызмат өтөп жаткан мезгилде же кызматтан бошогондон кийин кеминде 3 айдан кийин же болбосо бул мөөнөттөн кийин, бирок кызмат өтөп жаткан мезгилде алган жараатынын, контузиясынын, мандеминин же оорусунун натыйжасында каза болгон учурда, ал эми аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө алардын баккан адамы пенсия алып жаткан мезгилде каза болгон учурда дайындалат. Мында согуштук аракеттердин убагында дайынсыз жок болуп кеткен аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү фронтто курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө теңештирилет.
31-1-статья. Майыптардын айрым категорияларына бир жолу берилүүчү компенсациялар
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик (согуштук) аракеттердин мезгилинде алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун айынан майып болуп калган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар:
а) офицердик курамдагы адамдар;
- I топтогу майыптар - 15 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 10 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 5 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
б) контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курамдын адамдары;
- I топтогу майыптар - 30 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 20 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 10 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
в) чакыруу боюнча анык мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана катардагы курамдын адамдары;
- I топтогу майыптар - 150 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 120 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 80 эсе өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү акчалай кызмат акы компенсациясын алууга укуктуу.
Майыптык боюнча бир жолу берилүүчү компенсация Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөп берилет.
(КР 2002-жылдын 25-мартындагы N 45, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
32-статья. Пенсия алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү
Каза болгон (курман болгон) аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын багуусунда болгон эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат.
Багуучунун багуусунда болгон-болбогондугуна карабастан пенсия: эгерде алар баккан адамы каза болгондон кийин жашоого болгон каражат булактарынан ажырап калышса эмгекке жарамсыз балдарына, эмгекке жарамсыз ата-энелерине жана жубайына; фронтто, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердеги кыйроонун натыйжасында же болбосо согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин эмгекке, жарамсыз ата-энелерине жана аялдарына баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалат.
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугун аныктоодо үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү деп:
а) 16 жашка толо элек балдары, бир туугандары, карындаштары жана неберелери же 18 жашка толо элек кезде майып болуп калган андан жогорку курактагылар, күндүзгү окуу формасы боюнча окуган билим берүү уюмдарынын окуучулары окуу мөөнөтүн аяктаганга чейин, бирок 23 жаштан ашпаган курак эсептелет. Мында эмгекке жарамдуу ата-энелери жок бир туугандары, карындаштары жана неберелери пенсия алууга укуктуу болушат;
б) эгерде атасы пенсиялык куракка - 60 жашка толо элек болсо, энеси жана аялы 55 жашка толо элек болсо же болбосо майып болушса;
в) курагына жана эмгекке жарамдуулугуна карабастан жубайы же ата-энесинин бири же болбосо чоң атасы, чоң энеси, иниси же карындашы каза болгон багуучунун 8 жашка толо элек баласын, бир тууганын, карындашын же небересин багып жатса жана иштебесе;
г) мыйзам боюнча жогорудагыларды багуу милдети болуп эсептелген адамдар жок болгон учурда чоң атасы жана чоң энеси үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөсү деп эсептелишет.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13 Мыйзамынын, 2002-жылдын 29-декабрындагы N 166 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
33-статья. Багуусунда болгон деп эсептелген үй-бүлө мүчөлөрү
Каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү анын толук баруусунда болушса же андан алар үчүн туруктуу жана негизги жашоо каражатынын булагы болуп эсептелген жардам алып турушса анын багуусунда болгон деп эсептелишет.
Каза болгон адамдын андан жашоо үчүн такай жана негизги булактарды каражат катары алып турган, бирок кандайдыр бир пенсия алышкан үй-бүлө мүчөлөрү жаңы пенсия алууга укуктуу болушат.
34-статья. Толук мамлекеттик багууда болгон балдарга пенсия төлөө
Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга (тоголок жетимдерге) алар толук мамлекеттик багууда болгон мезгилде пенсиялар толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
Толук мамлекеттик багууда болгон башка балдарга дайындалган пенсиянын 25 проценти төлөнөт.
35-статья. Асырап алуучулардын жана асыранды балдардын пенсия алууга укугу
Асырап алгандар ата-энеси менен бирдей пенсия алууга, ал эми асыранды балдар өз балдары менен бирден укукка ээ болушат.
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болгон жашы жете элек балдар бүт укугун асыралып алынганда да сактап калышат.
36-статья. Өгөй атанын жана өгөй эненин, өгөй баланын жана өгөй кыздын укугу
Өгөй ата жана өгөй эне каза болгон адамдын өгөй баласын жана өгөй кызын кеминде 5 жыл тарбиялашса жана багышса, алардын атасы жана энеси менен бирдей эле пенсия алууга укуктуу болушат.
Өгөй бала жана өгөй кыз ата-энесинен алимент алышса өз балдардай эле пенсия алууга укуктуу болушат.
37-статья. Жаңы никеге турганда пенсиянын сакталышы
Жубайынын каза болгондугуна байланыштуу дайындалган пенсия пенсионер жаңы никеге турган учурда да сакталат.
38-статья. Пенсиялардын өлчөмү
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
а) мурдагы СССРди, КМШны жана Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын (кызматтык милдеттерди) башка милдеттерин аткаруу учурунда жаракат, контузия же жарат алуунун натыйжасында, же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруунун натыйжасында, же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланыштуу каза болгон аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө үй-бүлөсүнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө багуучунун иштеп тапканынын 40 проценти өлчөмүндө пенсия дайындалат. Согуштун майыбы, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга катышкан каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө жана курамында ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар (тоголок жетимдер) болгон үй-бүлөлөргө баккан адамынын өлүмүнүн себебине карабастан ушундай эле өлчөмдө пенсия дайындалат.
б) аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерди) аткаруу менен байланышпаган кырсыктын натыйжасында жаракат алуунун, же фронтто же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткаруу менен байланышпаган оорунун натыйжасында каза болгон аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө үй-бүлөсүнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө багуучунун иштеп тапканынын 30 проценти өлчөмүндө пенсия дайындалат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-статья. Пенсиялардын эң төмөнкү өлчөмү
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө карата эсептегенде төмөндөгүлөрдөн аз болбоого тийиш:
а) ушул Мыйзамдын 38-статьясынын "а" пунктуна ылайык пенсияларды эсептеп чыгарууда мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 процентинен; мөөнөттүү кызмат өтөгөн сержанттардын, старшиналардын, ефрейторлордун жана улук матростордун үйбүлөлөрүнө - 110 процентинен, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын кенже башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарынын үй-бүлөлөрү үчүн - 120 процентинен, ал эми офицердик курамдын жана ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу (кенже башкаруучудан башка) курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө - 130 процентинен кем болбоого тийиш;
б) ушул Мыйзамдын "б" пунктуна ылайык пенсияларды эсептеп чыгарууда ушул статьянын "а" пунктунда аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн тиешелүү категорияларынын, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрү үчүн каралган өлчөмдөрдүн 75 процентинен кем болбоого тийиш;
в) аскер кызматын өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик маанидеги атомдук объектилерде болгон кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууда жүргөн мезгилде же согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан башка өлкөлөрдө интернационалдык милдет аткарууда каза болгон мөөнөттүү аскердик кызматтагы солдаттардын жана матростордун үй-бүлөлөрү үчүн - ушул Мыйзамдын 23-статьясынын "в" пунктуна ылайык чектелген, багуучунун божомолдонгон пенсиясынын 50 пайызы.
(КР 2008-жылдын 19-мартындагы N 30, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
40-статья. Томолой жетимдерге пенсияларды эсептөө
Үй-бүлөсүнүн курамына ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар (томолой жетимдер) кирген аскер кызматкерлеринин,  прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар ушул Мыйзамга ылайык жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченемдер боюнча эсептелиши мүмкүн.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
41-статья. Пенсия дайындоонун убактысы
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөсү эмгекке жарамсыз деп эсептелген бүткүл мезгилде (32-статья), ал эми үй-бүлөнүн 60 жашка толгон эркек мүчөсүнө, 55 жашка толгон аял мүчөсүнө өмүрү өткөнчө белгиленет.
42-статья. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө бир пенсия дайындоо, пенсиянын үлүшүн бөлүп көрсөтүү
Пенсия алууга укуктуу болгон үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө бир жалпы пенсия дайындалат.
Үй-бүлө мүчөсүнүн талабы боюнча пенсиядагы анын үлүшү бөлүнүп көрсөтүлөт жана ага айрым төлөнөт.
Пенсиянын үлүшүн бөлүп көрсөтүү пенсияны бөлүп берүү жөнүндө арыз келип түшкөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
43-статья. Пенсиянын өлчөмүн өзгөртүү жана аны төлөөнү токтотуу
Эгерде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган үй-бүлөнүн курамында өзгөрүү болсо, анын натыйжасында үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү же бүт үй-бүлө пенсия алуу укугун жоготуп койсо, пенсияны кайра эсептөө же аны төлөөнү токтотуу ал өзгөрүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
44-статья. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн майыптыгын аныктоосунун тартиби жана мөөнөттөрү
Майып болуп эсептелген үй-бүлө мүчөлөрү ушул Мыйзамдын 20, 28, 30-статьяларында баяндалган майыптыгын аныктоонун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө эрежелер колдонулат.
(КР 2003-жылдын 5-декабрындагы N 229 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-1-статья. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча компенсация
Кыргыз Республикасын коргоодо, башка мамлекеттерде интернационалдык милдетин аткарууда согуш мезгилинде курман болгон (дайынсыз жоголгон) же аскердик кызматтан, ошондой эле ички иштер органдарынан бошогондон кийин согуштан алган жараттын кесепетинен өлгөн (укукка каршы иштердин натыйжасында өлгөн учурлардан башка) аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иштебеген ата-энелери, ошондой эле экинчи ирет никеге турбаган жесирлер (жесил) багуусунан ажырагандыгы боюнча курман болгон (дайынсыз жоголгон) же аскердик кызматтан бошогондон кийин согуштан алган жараттын кесепетинен өлгөн адамдын багуусунда тургандыгына карабастан ар бири айына эң төмөнкү эмгек акынын үч өлчөмүндө өмүр бою компенсация алууга укуктуу.
Багуучусунан айрылгандыгы боюнча компенсация башка социалдык төлөмдөрдү (пенсия, социалдык же камсыздандыруу жөлөкпулдарды) алгандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын Камсыздандыруу фонду тарабынан бөлүнүп берилген республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөп берилет.
(КР 2002-жылдын 25-мартындагы N 45 Мыйзамынын, 2003-жылдын 5-декабрындагы N 229 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V
Пенсияларды эсептеп чыгаруу
45-статья. Пенсияларды эсептеп чыгаруу үчүн эмгек акы (акчалай каражат)
Ушул Мыйзамга ылайык мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалуучу пенсиялар белгиленген нормалар боюнча аскер кызматкерлери аскер кызматына чакырылганга чейин же аскер кызматынан бошотулгандан кийин пенсия алуу үчүн кайрылганга чейин алган орточо айлык эмгек акысынан же болбосо аскер кызматкери аскер кызматын өтөгөн мезгилдерде контракт боюнча алган орточо айлык акча каражатына карата проценттик белгиленген нормаларда эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсия эсептеп чыгаруу үчүн орточо айлык эмгек акы (акчалай каражат) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аныкталат.
Аскердик кызматка чакырылганга чейин жана аскердик кызматтан бошогондон кийин иштебеген, аскер кызматында контракт боюнча кызмат өтөбөгөн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө ушул Мыйзамдын тиешелүү түрдө 23 жана 39-статьяларында каралган эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсиялар дайындалат.
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар бул аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын акчалай каражаттарынан эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсияларды эсептөө үчүн тиешелүү кызматы боюнча, аскердик же атайын наамы боюнча берилүүчү маяналар, пайлык акчалар жана көп жыл иштегендиги үчүн - (үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн) проценттик кошумча төлөөлөр эске алынган тиешелүү маяналар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө эске алынат.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы N 141 "Аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому
45-1-статья. Иштеген пенсионерлерге пенсияларды камсыздандыруу чегерүүлөрү боюнча кайра эсептөө
Жекече эсепке алынган жана камсыздандыруу акыларын төлөгөн аскер кызматчыларынын ичинен иштеген пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын 3-пунктунун "б" пунктчасынын ченемдери боюнча жыл сайын кайра эсептелет.
Пенсиянын кайра эсептелген камсыздандыруу бөлүгүн каржылоо Пенсиялык фонддун камсыздандыруу каражаттарынан жүргүзүлөт.
(КР 2000-жылдын 7-июнундагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-статья. Кыйла жогору болгон эмгек акыдан пенсияларды кайра эсептөө – 
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
47-статья. Пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө пенсияларды эсептеп чыгаруу
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен пенсияга чыккандардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар аларды баккан адамга пенсия чегерилген ошол эле эмгек акыдан (акчалай каражаттан) эсептелип чыгарылат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
48-статья. Пенсиялардын эң аз өлчөмдөрүн жогорулатуу
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалуучу пенсиялардын эң аз өлчөмдөрү, пенсияларга кошумча чегерүүлөр эсептешүү көрсөткүчүнүн өсүшүн эске алуу менен жогорулатылат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
49-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрүнө райондук коэффициенттерди колдонуу
Жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлердин, алардын үй-бүлөлөрүнүн ушул Мыйзамга ылайык дайындалуучу пенсиялары, (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдөгү) алар бул райондордо жашаган мезгилде белгиленген тиешелүү райондук коэффициенти колдонуу менен эсептелип чыгарылат.
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар алар жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган мезгилде "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте эсептелип чыгарылат.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VI
Пенсияларды дайындоо
50-статья. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуу
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды дайындоо жөнүндө арыздар Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнө же алар жашаган жердеги тиешелүү башка Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсияларды дайындоо жөнүндө арыздар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдарына берилет.
(2-абзац КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
51-статья. Пенсияларды дайындоочу жана пенсияларды дайындоо жөнүндө документтерди кароонун мөөнөтүн белгилөөчү органдар
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрү тарабынан, ал эми офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдары тарабынан дайындалат.
Пенсияларды дайындоо жөнүндө документтер пенсияларды дайындоочу органдар тарабынан алар келип түшкөн көп күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен каралат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
52-статья. Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү
Ушул Мыйзамга ылайык пенсиялар:
а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине - эгерде МСЭК тарабынан майыптыгы аныкталганга жана пенсия алууга кайрылганга чейин госпиталдан чыккан же аскердик кызматтан бошонгон күндөн тартып, 3 айдан ашык эмес убакыт өтсө, госпиталдан чыккан күндөн тартып, бирок аскердик кызматтан бошотулган күндөн эрте эмес, ал эми мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин жана ушул кызматкерлеринин ичинен болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө баккан адамынын каза болгон күнүнөн же пенсия алууга укугу пайда болгон күндөн тартып, бирок пенсия алуу үчүн кайрылардын алдында кеминде 6 айдын ичинде дайындалат, жашоо каражаттарынын булагынын жок болгондугуна байланыштуу пенсия алуу укугуна ээ болгон аталган аскер кызматкерлеринин жана пенсионерлердин ата-энесине же жубайына пенсия алар пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат;
б) офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга кызматтан бошонгон күндөн тартып, бирок акчалай каражат алган күндөн эрте эмес, ал эми аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын жана пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө баккан адамы каза болгон күндөн тартып, бирок ага чейин акча каражаты же пенсия ага төлөнгөн күндөн эрте эмес дайындалат, бул аларга пенсиялар кыйла кийинки мөөнөттөрдө дайындалган төмөндөгү учурлардан башка учурларда колдонулат:
кызматтан бошонгон күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин же болбосо бошонгондон кийин кырсыктын же оорунун натыйжасында майып деп табылган көрсөтүлгөн аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдарга - майыптыгы аныкталган күндөн тартып, ал эми эркинен ажыратууга соттолгондорго - эркинен ажыратуу жайларынан кайтып келгенден кийин пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат;
баккан адамы каза болгондон кийин пенсия алууга укуктуу болгон аталган аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын жана алардын ичинен болгон пенсионерлерди үй-бүлө мүчөлөрүнө - пенсия алуу укугу пайда болгон күндөн тартып, ал эми жашоо каражатынын булагын жоготкондугуна байланыштуу пенсия, алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат.
Пенсия алуу үчүн өз убагында кайрылбаган учурда өткөн мезгил үчүн пенсия ал пайда болгон күндөн тартып, бирок пенсия үчүн кайрылгандан 12 айдан ашпаган мөөнөткө дайындалат.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы N 69, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
53-статья. Дайындалган пенсияларды кайра эсептөөнүн мөөнөттөрү
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү пенсиялардын өлчөмдөрүн өзгөртүүгө алып келген жагдайлар болгон учурда бул пенсияларды кайра эсептөө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлөт.
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга дайындалган пенсияларды кайра эсептөө пенсиялардын өлчөмүн өзгөртүүгө алып келген жагдайлар келип чыккан андан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VII
Пенсияларды төлөө
54-статья. Пенсияларды төлөөчү органдар
Аскер кызматкерлеринин ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар алардын катталган жерине карабастан пенсионер туруктуу жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрү тарабынан төлөнөт.
Офицердик курамдагы адамдардан, прапорщиктерден мичмандардан жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринен, прокуратура органдарынын прокурорлорунан жана тергөөчүлөрүнөн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринен, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардан болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар катталган жерине карабастан пенсионер иш жүзүндө жашаган банкынын мекемелери тарабынан, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдары тарабынан жазылган тиешелүү документтердин негизинде берилет.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
55-статья. Эмгек акы же башка киреше алган пенсионелерге пенсияларды төлөө
Ушул Мыйзамга ылайык дайындалган пенсиялар пенсионер эмгек акы же башка киреше алгандыгына карабастан толугу менен төлөнөт.
Бирок, пенсиянын өлчөмүнө таасир кылуучу жагдайлар пайда болгондо пенсионер бул тууралуу пенсия төлөгөн органдарга билдирүүгө милдеттүү.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-статья. Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөө
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардан болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө чегерилген өз убагында талап кылынбаган пенсиялардын суммасы өткөн мезгил үчүн, пенсия алуу үчүн кайрылгандан 3 жылдан ашпаган учурга төлөнүп берилет.
Пенсионер тарабынан пенсияны дайындаган же төлөгөн органдын күнөөсү боюнча алынбай калган пенсиянын суммасы өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбестен төлөнүп берилет.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57-статья. Жатак үйлөрдө жашап жаткан пенсионерлерге пенсияларды төлөө
Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон жалгыз бой пенсионерлерге пенсия менен жатак үйлөрдө (пансионатта) багуунун наркынын ортосундагы айырма төлөнүп берилет, бирок ал дайындалган пенсиянын 25 процентинен жана ай сайын берилүүчү эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем болбоого тийиш: Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан пенсионерлердин багуусунда эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдар болгон учурда ага пенсия төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт: пенсиянын 25 проценти, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 проценттен кем эмеси пенсионердин өзүнө, ал эми пенсиянын калган бөлүгү, бирок дайындалган өлчөмдүн 50 проценттен ашпаган бөлүгү анын үй-бүлөсүнүн аталган мүчөлөрүнө төлөнөт.
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлер, кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашаган мезгилде аларга дайындалган пенсиянын 10 проценти, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем эмес өлчөмдө пенсия төлөнөт. Алардын пенсияларынын өлчөмү жатак үйлөрдө (пансионатта) багуунун наркынан ашып кеткен учурда аларга пенсия менен багуу наркынын ортосундагы айырма төлөнөт, бирок ал дайындалган пенсиянын 10 процентинен жана эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем болбоого тийиш.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-статья. Ооруканага жатып дарыланган мезгилде пенсия төлөө
Пенсионер жатып дарыланган (ооруканада, клиникада, госпиталда жана башка дарылоо мекемелеринде) учурда, ошондой эле лепрозорияда болгон учурда пенсия толугу менен төлөнөт.
59-статья. Эркинен ажыратылган учурда пенсия төлөп берүүнү токтотуу
Пенсионер эркинен ажыратылган учурда ага чектелген пенсияны төлөп берүү эркинен ажыратылган мезгилге токтотулат.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-статья. Пенсиялардан кармап калуу
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалган пенсиялардан кармап калуу "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Мында офицердик курамдагы адамдардын прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тараптан кыянаттык менен пайдалануунун негизинде артыкбаш төлөнгөн пенсиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдарынын чечимдеринин негизинде кармалып алынат.
(КР 2005-жылдын 3-январындагы N 1, 2005-жылдын 30-июлундагы N 116, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
61-статья. Пенсионер каза болгон учурда пенсияларды жана пособиелерди төлөө
Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү болгон жана анын каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиялардын суммасы мурастын курамына киргизилбейт жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө таандык кылынуучу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүп берилет.
Бирок анын ата-энеси жана жубайы, ошондой эле анын ал өлгөн күнгө карата пенсионер менен бирге жашап турган үй-бүлө мүчөлөрү бул суммаларды, эгерде алар баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирбесе, алууга укуктуу болушат.
Үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү кайрылган учурда аларга тиешелүү болгон пенсиянын суммасы алардын ортосунда тепе-тең бөлүштүрүлөт.
Жогоруда аталган суммалар, эгерде пенсионер өлгөндөн кийин 6 ай өткөндөн кечиктирилбестен кайрылганда төлөнүп берилет.
Пенсионер өлгөн учурда көмүлгөндөн кийин анын үй-бүлөсүнө кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эселенген өлчөмүндө көмүү пособиеси төлөнөт. Бул жөлөкпул төлөө доосунун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
Эгерде пенсионерди анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси жок адамдар көмсө, аларга пособие көмүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарынан ашпаган суммада пособиенин көрсөтүлгөн өлчөмүнүн чегинде төлөнүп берилет.
Иштебеген пенсионерлерге анын үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда аны көмүүгө пособие Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүп берилет.
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13, 2004-жылдын 11-августундагы N 112, 2005-жылдын 4-июлу N 92, 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
62-статья. Чет өлкөгө кетип калган учурда пенсия төлөө
Чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасында пенсия дайындалбайт. Аталган адамдарга алар чет өлкөгө туруктуу жашаганга кеткенге чейин дайындалган пенсиялар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте төлөнөт.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы N 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VIII
Пенсияларды кайра эсептөөнүн тартиби
63-статья. Мурда дайындалган пенсияларды кайра эсептөө – 
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
64-статья. Пенсияларды кайра эсептөөдө алынуучу эмгек акы – 
(КР 1996-жылдын 8-майындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)
65-статья. Жашоо наркынын индексинин өзгөрүшүнө жана эмгек акынын өсүшүнө байланыштуу пенсиялардын жогорулашы
Ушул Мыйзамдын 14, 15, 22-25, 38 жана 39-статьяларына ылайык эмгек акыдан акчалай каражаттан эсептелип чыккан пенсиялар жашоо наркынын индексинин өзгөрүшүнө жана эмгек акынын өсүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте регулярдуу жогорулап турат.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти         А. Акаев
 

Көрүүлөрдүн саны : 1901