КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө"

08-12-2016 14:50

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2013-жылдын 29-майы N 82
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө
Ушул Мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин мамлекеттик саясатын жана уюштуруучулук-укуктук негиздерин аныктайт.
1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар
Криминалдык идеология - криминалдык субмаданияттын көз карашынан социалдык чындыкка баа берүүгө негизделген, адамдардын топтук аң-сезиминин көз караштарынын жана түшүнүктөрүнүн тарыхый жактан калыптанган системасы.
Криминалдык иерархия - уюшкан кылмыштуу топтордогу, кылмыштуу шериктердеги (кылмыштуу уюмдардагы), куралдуу топтордогу (бандалардагы) адамдардын абалы (статусу же ролу) жөнүндө көз караштардын жана берилген баалардын системасы.
Криминалдык субмаданият - коомдо жашап турган салыштырмалуу түрдөгү өз алдынча жашыруун маданий чөйрө, ал жашоо-турмушта жалпы кабыл алынган баалуулуктарга жана нормаларга каршы турууга негизделет жана жашоо-турмушту уюштуруунун кылмыштуу формаларынан көрүнөт.
Криминалдык статус - кылмышкерлер дүйнөсүндөгү белгиленген эрежелер менен аныкталган жана таанылган криминалдык иерархиядагы адамдын абалы.
Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктердин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) лидери - ушул мыйзамда криминалдык иерархияда таанылган аброюн колдонуп, уюшулган кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктердин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтордун (бандалардын) ишин уюштуруп жана координациялап, ушундай топторду же шериктиктерди куроону жана түзүмдөрдү уюштурууну камсыз кылуу менен кыйла жогорку абалды жана инсандык таасирди ээлеген адам түшүнүлөт.
Ыкчам-алдын алып каттоо - уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет көрүүчү органда түзүлүүчү, уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тууралуу, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар юридикалык жактар жана жеке адамдар жөнүндө маалымат системасы.
Уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган белгилер менен мүнөздөлгөн уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жасалуучу иштер.
Расмий эскертүү - ченемдик укуктук актыларды сактоо жана талаптарды аткаруу үчүн адамга карата уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет көрүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан түзүлгөн процесстик документ.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын төмөнкү иштери:
1) уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жасалган кылмыштарды табуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча;
2) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, табуу жана уюшкан кылмыштуулуктун пайда болушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды андан ары четтетүү (уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу) боюнча.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы алдын алуучу таасир этүү чаралары (мындан ары - алдын алуучу таасир этүү чаралары) - ушул Мыйзамда уюшкан кылмыштуулуктун пайда болушунун алдын-алуу жана бөгөт коюу, алардын өнүгүшүнө мүмкүндүк берген себептерди жана шарттарды иликтөө, табуу жана четтетүү, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар адамга жекече тарбия берүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши түшүнүлөт.
Жашоонун кылмыштуу образы - адамдардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар экендигин тике далилдеген, коомдо кабыл алынган моралдын жана адептүүлүктүн нормаларын тануу менен мүнөздөлгөн алардын коомго каршы жашоо мүнөзү.
Финансылык жана мүлктүк абалды текшерүү - уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын финансылык кирешелеринин мыйзамдуулугун жана алардын мүлккө ээ болуусунун негиздүүлүгүн текшерүү боюнча чаралар.
Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) мүчөсү - уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) ишине атайлап катышкан же аларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөн адам.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттенүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) уюшкан кылмыштуулуктан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо;
2) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана токтотуу;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
4) уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү;
5) уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыштуу ишин токтотуу.
3-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук негиздери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер түзөт.
4-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин принциптери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулукка;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;
3) жоопкерчиликтин болбой койбостугуна;
4) гумандуулукка жана адилеттикке.
5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенген мамлекеттик органдардын системасы
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын системасын төмөнкүлөр түзөт:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттеди жүзөгө ашыруучу органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар):
а) ушул Мыйзамдын алкагында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча өз ара байланышта иштешүүнү, маалыматтарды чогултууну, талдоону, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылуучу ички иштер органдары;
б) улуттук коопсуздук органдары;
в) жазык-аткаруу системасынын органдары;
г) баңги заттарды контролдоо боюнча орган;
д) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орган;
е) бажы органдары;
2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге көмөктөшүүчү органдар (мындан ары - көмөктөшүүчү органдар):
а) прокуратура органдары;
б) салык органдары;
в) коргоо боюнча орган;
г) финансылык чалгындоо органы;
д) мамлекеттик каттоо кызматы;
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
ж) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
з) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
и) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
к) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча эл аралык кызматташтыктын жалпы маселелерин координациялоону ишке ашыруучу тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин багыттары
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү багыттар төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттердин, эл аралык кызматташууну уюштуруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
2) маалыматтык камсыз кылуу;
3) уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана шарттарды ачуу жана жок кылуу;
4) уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды) түзүүнү, анын ичинде алардын ишин каржылоо схемасын жок кылуу;
5) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин, анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемаларын аныктап табуу жана бөгөт коюу;
6) күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жана зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу;
7) мамлекеттик кызматчылар жана кызмат адамдары менен коррупциялык байланыштарды түзүүнү, алардын кылмыштуу ишке тартылышын болтурбоо;
8) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) криминалдык идеологияны таратуу же башка кылмыштуу максаттарда пайдалануу максатында жарандарды же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусуна каршы аракеттенүү.
7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча чаралардын программасын иштеп чыгат;
2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын мүчө болушун камсыз кылат;
4) ыйгарым укуктуу органдарды материалдык-техникалык жактан тийиштүү деңгээлде жабдууну камсыз кылат, жеке курамды жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоо чараларынын системасын, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат жана ишке киргизет;
5) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин абалы жөнүндө электрондук маалымат базаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн бирдиктүү шарттарды аныктайт;
6) ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдардын карамагында турган маалыматтарга уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча бөлүктөрдүн толук кандуу жетүүсүн камсыз кылат жана аны алуунун жана пайдалануунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу органдар өз түзүмдөрүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүктөрдү түзөт, ушул чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдоону жана болжолдоону ишке ашырат.
3. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) иштерин аныктоону жана бөгөт коюуну түздөн-түз уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмчөлөрү жүзөгө ашырат.
8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди маалыматтык жактан камсыз кылуу
1. Ыйгарым укуктуу органдар жана финансылык чалгындоо органы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү маалыматты чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана пайдалануу максатында тийиштүү эсепти жүргүзөт.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин тийиштүү деңгээлин камсыз кылууга багытталган маалыматтык материалдардын чыгарылышына көмөктөшөт.
9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу
1. Уюшкан кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо укук коргоо органдары тарабынан ушул чөйрөдөгү маалыматтарды системалуу талдоо, аны илимий жактан жалпылоо жана аңдап түшүнүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Уюшкан кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктаган укук коргоо органы ошол себептерди жана шарттарды жоюу үчүн ал маалыматтарды мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет.
3. Уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу кылмыштуулукка каршы аракеттердин жалпы мамлекеттик программасынын алкагындагы саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплекси аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу жарандык коомдун түздөн түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
10-берене. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) түзүлүшүнө бөгөт коюу
1. Ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган чараларды колдонуу менен жаштардын жана башка адамдардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тартылышын болтурбоо боюнча алдын ала чараларды жүзөгө ашырат.
Ушул Мыйзамга ылайык таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары ушул иштин негизги формалары болуп саналат.
2. Уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар же криминалдык статуска ээ чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары администрациялык чыгарып салынууга жатат.
3. Ыйгарым укуктуу органдар уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар же криминалдык статуска ээ чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата компетенттүү органдарга алардын Кыргыз Республикасына киришине тыюу салуу жөнүндө сунуш киргизет.
11-берене. Криминалдык идеологияны үгүттөөгө бөгөт коюу
1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны үгүттөөгө, ошондой эле криминалдык идеологияны үгүттөө максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, криминалдык иерархиядагы адамдардын статусун же ролун жарыя кылууга (жар салууга) тыюу салынат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдар жана билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологияга каршы күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтөт.
12-берене. Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары
1. Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары мыйзамдуулуктун, укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун, гумандуулуктун принциптерин, ошондой эле ынандырууну жана мажбурлоону айкалыштыруу принцибин сактоо менен колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда каралган негиздер бар болсо, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар адамдарга карата таасир этүүнүн төмөнкүдөй алдын алуучу чаралары колдонулат:
1) расмий эскертүү;
2) ички иштер органдарында ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу;
3) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана мүлктүк абалын текшерүү.
13-берене. Юридикалык жана жеке жактарга карата алдын алуучу чараларды колдонуу үчүн негиздер
Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган маалыматтар жеке жана юридикалык жактарга карата, алардын төмөнкүдөй учурлары далилденсе колдонулат:
1) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) башчылары же мүчөлөрү менен байланышы бар экени же байланыш түзүп жатканы;
2) уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) финансылык же материалдык жардам берип жатканы;
3) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) криминалдык идеологиясын колдогону;
4) жашы жете элек адамдарды кошпогондо, уюшкан кылмыштуу иштин натыйжаларын же уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) субъекттеринин кызматтарын пайдаланганы жана алардын кылмыштуу ишине көз каранды экендиги;
5) адамдарды уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) курамына тартуу менен алектенгени жана криминалдык иерархиянын түзүмүн бекемдөөгө көмөк көрсөткөнү.
14-берене. Расмий эскертүү берүүнүн тартиби жана натыйжалары
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси ушул Мыйзамдын 13-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алуу менен, кызмат адамына алынган маалыматтарга ылайык уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) жетекчилери же мүчөлөрү менен криминалдык байланышы бар адамга расмий эскертүү берүүнү тапшырууга укуктуу.
2. Расмий эскертүү ошол адамга, эгер алы ыкчам-алдын алуучу каттоого коюуга маалыматтар жетиштүү болбосо берилет.
3. Ошол адамга карата расмий эскертүү берүү жөнүндө чечим токтом чыгаруу жолу менен жол-жоболонот, ал ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
4. Расмий эскертүү ошол адамга таанышуу жана кол коюу үчүн жарыяланат.
5. Ошол адам расмий эскертүүнүн талаптарын аткарбаса ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага алдын алуучу мүнөздөгү башка чараларды колдонуу чечими кабыл алынат.
15-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу
1. Өзүнө карата расмий эскертүү чыгарылган адам, эгерде ал коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерин токтотпогон учурда соттук актынын негизинде ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлат.
2. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Мыйзамда каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган формаларга ылайык жүргүзүлөт.
3. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) жетекчилери жана мүчөлөрү алар жөнүндө маалыматтарды уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтык базага киргизүү жолу менен, ушул Мыйзамда каралган тартипте ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлат.
4. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө чечим сот тарабынан кабыл алынат.
5. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарылган адам ага сот тартибинде даттана алат.
16-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлууга тийиш болгон субъекттер
Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) жетекчилери жана мүчөлөрү, ошондой эле криминалдык статусу бар каттоого коюу учурунда он сегиз жашка толгон адам уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдар катары ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлууга жаткан субъекттер болуп саналат.
17-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун негиздери
1. Ыйгарым укуктуу органдагы же ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдардагы адамдын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар экени, анын кылмыштуу ишке активдүү катышкандыгын же анын жетектөөчү ролун көрсөткөн, тийиштүү материалдар менен далилденген маалыматтар, анын ичинде оперативдик маалыматтар ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу үчүн негиз болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу же ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдар тарабынан алынган ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлууга тийиш болгон адамдар жөнүндө маалыматтар, белгиленген тартипте борбордоштурулган каттоого алуу үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасына берилет.
Ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарында жол берилген бардык каражаттар, ошондой эле жарандардан жабык сот процессинде алынган жана жыйындын протоколуна киргизилген оозеки көрсөтмөлөрү ушул беренеде көрсөтүлгөн кабарлардын жана маалыматтардын булагы болуп саналат.
18-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун мөөнөтү
1. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун колдонуу мөөнөтү соттун актысы чыгарылган учурдан тартып алты айдан үч жылга чейинки мөөнөттү түзөт.
Сот белгилеген мөөнөт бүткөндөн кийин адам ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгарылат.
2. Эгерде адам ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгарылгандан кийин уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топторго (бандалар) катыштыгын уланта берсе, анда ал кайрадан каттоого коюлууга жатат.
3. Эгерде ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адам администрациялык же кылмыш жообуна тартылса, анын каттоодо туруу мөөнөтү администрациялык же кылмыш жоопкерчилигин өтөп бүткөн учурдан тартып кайра башынан эсептелет.
19-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлган адамды контролдоо
1. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлган адамды контролдоочу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзамда белгиленген тартипте ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга;
2) адамдан келүүнү талап кылууга жана текшерилчү жагдайлардан улам түшүндүрмө алууга;
3) адамдан соттун актысынын негизинде алган кирешелери жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
4) уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдо турган адам жөнүндө компетенциясына кирген маалыматтарды берүү жөнүндө кайрылууга;
5) ал адамдан жашаган жерин же ишин алмаштырышынын себеби жөнүндө маалыматты талап кылууга.
2. Ал адам контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаганы үчүн ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адамды контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыр болгон маалыматтын жана мамлекеттик эмес сырларга тийиштүү башка сырлардын сакталышын камсыздоого милдеттүү.
Мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды жана мамлекеттик эмес сырларга тийиштүү сырларды ачыкка чыгарганы үчүн мамлекеттик органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
20-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу үчүн негиздер
1. Адамды ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу соттун актысынын негизинде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) белгиленген мөөнөтүнөн мурда - эгерде алынган маалыматтар таасир этүүнүн алдын алуучу чаралар менен каттоого коюунун максатына жетишилгенин күбөлөсө;
2) белгиленген мөөнөтү бүткөндө - аны узартуу үчүн негизи жок болсо;
3) соттун чечими менен каттоого коюу мыйзамсыз деп таанылган учурда;
4) каттоого коюлган адам өлгөн учурда.
2. Ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу жөнүндө чечим адамга жазуу жүзүндө кабарлануу менен билдирилет.
21-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоонун тартиби
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча органдын жетекчиси уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча бөлүмчөнүн кызмат адамына уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) катышы бар адамга сот салуучу милдеттер жөнүндө жүйөлөштүргөн сунуштама даярдоого ыйгарым укук берет.
2. Адамга сот актысы менен салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жүйөлөштүрүлгөн сунуштаманы даярдаган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү жана кызмат орду;
2) сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо сунушталган адамдын аты-жөнү, жашаган жери, ишинин (ишинин түрүнүн) мүнөзү, кирешесинин негизги булактары, үй-бүлөлүк абалы;
3) сот тарабынан салынуучу милдеттерди колдонуунун зарылдыгы негизделген себептер;
4) дайындоо үчүн сунушталган милдеттердин түрлөрү, узактыгы жана шарттары.
Сунуштамага адамдын коомго коркунучтуулугун далилдеген материалдар тиркелет.
3. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуштама сот тарабынан ошол милдеттерди сот аркылуу салуу сунушталган адамдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын катышуусунда каралат.
4. Адамга сот салуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы сот жыйырма төрт сааттын ичинде карайт.
Сот материалдар менен танышып жана түшүндүрмөлөрдү уккандан кийин адамга сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө чечим чыгарат же аларды дайындоодон жүйөлөнгөн баш тартуу чыгарат. Адамга сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө чечим ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Сот салуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы кароого катышкан адамдар сотко түшүндүрмө берүүгө укуктуу. Сот ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен жарыя кылбай таанышууга укуктуу.
Берилген материалдар жөнүндө маалыматты жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.
6. Соттун актысы менен салынуучу милдеттер бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө дайындалат жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын сунуштамасы боюнча сот аны бир жылга чейин узартышы мүмкүн.
7. Сот салуучу милдеттер жүктөлгөн адам жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте сот актысына даттанууга укуктуу.
8. Сот актысына даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
22-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрү
1. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштама алынгандан жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен таанышкандан кийин, сот адамга төмөнкү милдеттердин бирин же бир нечесин дайындайт:
1) жашаган жерин ыйгарым укуктуу органдын контролдоочу кызмат адамына билдирмейинче алмаштырбоо;
2) саналган конкреттүү адамдар менен түздөн-түз өзү; башка адамдар аркылуу; техникалык жана башка каражаттардын жардамы менен байланышка чыкпоо;
3) сутканын ага аныктаган убагында жашаган жеринде болуу;
4) сунуштамада көрсөтүлгөн белгилүү жерлерге барбоо;
5) автомототранспорт каражаттарды айдабоо;
6) контролдоочу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамына наркы беш жүз эсептик көрсөткүчтөн ашкан бардык бүтүмдөр жөнүндө маалымдоо;
7) ички иштер органдарына мыйзамдуу жол менен алынган дүрмөттү куралды убактылуу сактоого белгиленген тартипте тапшыруу; башка куралды албоо жана сактабоо.
2. Салынчу милдеттерди дайындоодо сот алардын мөөнөттөрүнүн узактыгын белгилейт.
23-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттердин аткарылышын контролдоо
Сот тарабынан салынуучу милдеттердин аткарылышын контролдоону ички иштер органдары жүзөгө ашырат.
24-берене. Сот тарабынан салынган милдеттерди аткарбоонун кесепеттери
Сот тарабынан салынган милдеттерди бузган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
25-берене. Финансылык жана мүлктүк абалы текшерилүүчү адамдар
Төмөнкү адамдарга карата финансылык жана мүлктүк абалын текшерүү жүзөгө ашырылат:
1) ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлгандар;
2) ушул Мыйзамга ылайык сот тарабынан тийиштүү милдеттер салынгандар.
26-берене. Финансылык жана мүлктүк абалды текшерүүнүн негиздери жана тартиби
1. Уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарды маалыматтык базага киргизүү жөнүндө соттун актысы күчүнө киргенден кийин адамдын ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган бардык мезгилдеги финансылык жана мүлктүк абалы текшерилет.
2. Каттоого алынган адамдын аныкталган кылмыштуу байланыштары, мүлккө ээлик кылышынын, кирешелерди же мүлктү алышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди алышынын жагдайлары жана алынган кирешелеринин мыйзамдуулугу текшерилүүгө жатат.
3. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалын текшерүү жөнүндө чечим соттун чечимине ылайык ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
4. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалы соттун актысынын негизинде текшерилет, анда булар көрсөтүлөт:
1) ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалын текшерүүчү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү;
2) текшерилчү адамдын (же адамдардын) аты-жөнү;
3) текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгын жана текшерүү жүргүзүүнүн максатын күбөлөгөн маалыматтар;
4) кайсыл убакыт үчүн текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы.
5. Текшерүүнү башка тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен ушул Мыйзамдын 5-беренесинде саналган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жүргүзөт.
27-берене. Ыйгарым укуктуу органды маалыматтык, финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Уюшкан кылмыштуулук жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды алуу, жалпылоо, талдоо, сактоо жана пайдалануу максатында ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда борбордоштурулган маалыматтык база түзүлөт.
2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык кызматы Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын маалыматтык кызматтары, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматтары менен өз ара аракеттенет, алар менен уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар), алардын башчылары жана мүчөлөрү жөнүндө керектүү маалыматтарды алмашат.
3. Ыйгарым укуктуу органды финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу органды финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
28-берене. Жеке жана юридикалык жактардын финансылык-экономикалык иштерин, мүлктүк жана финансылык абалын алдын-ала текшерүү
1. Жеке жана юридикалык жактардын уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар экенин көрсөтүүчү маалыматтар болгондо, кылмыш ишин козгогонго чейинки алдын-ала текшерүү сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу орган зарылчылык болгондо алдын-ала текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды тартат.
3. Ыйгарым укуктуу орган соттун чечиминин негизинде бөлмө-жайларды (турак жайдан башкасын) аларда турган документтери, акча жана материалдык каражаттары менен мөөр коюп бекитүүгө жана кайтарууга алууга, ошондой эле предметтерди жана документтерди тийиштүү протокол түзүү менен алып коюуга укуктуу.
4. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) ишинен алынган каражатка юридикалык жак түзүлгөнү же иштеп жатканы жөнүндө маалыматтар алынса, ыйгарым укуктуу орган сотко чарбакер субъекттердин каттоосун жокко чыгаруу же ишин токтотуу, ошондой эле бүтүмдөрүн же келишимдерин жараксыз деп таануу жөнүндө доо коюу менен кайрылуу үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга сунуштама киргизет.
29-берене. Жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына киргизилбеген жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жүзөгө ашырууга байланышпаган иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдын кызмат адамдарын жана материалдык-техникалык каражаттарын тартууга тыюу салынат.
2. Мамлекеттик орган тарабынан алынган кылмыштарды жана башка мыйзам бузууларды жасоого байланышпаган маалыматтар ачыкка чыгарылышы жана жеке жана юридикалык жактардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө пайдаланылышы мүмкүн эмес. Андай маалыматтарды камтыган документтер жана башка материалдар алынган учурдан тартып бир жылдан кечиктирилбестен жок кылынат.
30-берене. Мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын жетекчилеринин ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтери
Мамлекеттик органдардын, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын ушул Мыйзамды өз компетенцияларынын чектеринде аткарбаган жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
31-берене. Мамлекеттик органдардын уюшкан кылмыштуулукка каршы өз ара аракеттенүүлөрү
1. Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жарандар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде аларга жүктөлгөн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунда саналган органдар өз компетенцияларынын чектеринде ыйгарым укуктуу органдарга уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүү үчүн көмөк көрсөтүшөт.
32-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердеги эл аралык кызматташуу
Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерде уюшкан кылмыштуулукту аныктоо, алдын алуу, токтотуу жана бетин ачуу маселелери боюнча кызматташуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
33-берене. Ыйгарым укуктуу органдардын иштерин контролдоо
Ыйгарым укуктуу органдардын иштерин контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
34-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын прокурордук көзөмөлгө алуу
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү өз компетенцияларынын чектеринде прокуратура органдары жүзөгө ашырышат.
35-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 4-июнунда N 46 жарыяланды
2. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы N 122 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., N 7, 1025-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти         А.Атамбаев
           
2013-жылдын 18-апрелинде         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
 
 

Көрүүлөрдүн саны : 2492