Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,
кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы
аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын
күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2022-жылдын 28-июну, 14 саат 00 мин.
Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).
Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Маматалиев М.А., Талиева К.А., Нарматова Н.А., Мажитова Ш., Ашимова Д.А., Лурова Л.Х., Темирбаева М.О., Исатбек к. А., Бекешев Д.Д., Осмонов А.Ж.
Баяндамачы: Комимтеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
2. «Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (19.05.22-ж. № 14-11972).
Баяндамачы: КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын 1-орун басары – Садыков К.А.
3. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө жана анын ишинин жыйынтыктары жөнүндө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун маалыматы.
Баяндамачы: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары – Омуров А.Н.
4. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Култаева Г.О., Саккараев М.Дж., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов Э.Н., Сыдыков Б.У., Шакиев Н.Т., Исмаилов Ф.Д., Абдалиев М.А., Талиева К.А., Толонов Д.Э., Жакышов Р.Ш., Исираилов А.А.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Култаева Г.О.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин төрагасынын отчету жөнүндө.
Баяндамачы: Комимтеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
Комитеттин төрагасы С. Омурзаков