Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,
кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы
аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын
күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2022-жылдын 17-майы, 14 саат 00 мин.
Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (21.04.22-ж. №14-3738).
Баяндамачы: Комитеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
2. «Ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (12.04.22-ж. №14-3964).
Баяндамачы: КРнын Ички иштер министри – Ниязбеков У.О.
3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Маматалиев М.А., Мажитова Ш., Лурова Л.Х., Исатбек кызы А., Талиева К.А., Нарматова Н.А., Ашимова Д.А., Темирбаева М.О.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Маматалиев М.А.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 19-январындагы № П-VII протоколдук тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин чечиминин долбоору.
Баяндамачы: Комитеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
Комитеттин төрагасы С. Омурзаков