Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,
кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы
аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынынын
күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2022-жылдын 15-марты, 14 саат 00 мин.
Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (14.01.22-ж. №17-токтому).
Баяндамачы: Комитеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (07.02.22-ж. №51-токтому).
Баяндамачы: КРнын Юстиция министринин орун басары – Шамшиев А.А.
Комитеттин төрагасы С. Омурзаков