Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,
кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы
аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынынын
күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2022-жылдын 22-февралы, 14 саат 00 мин.
Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (14.01.22-ж. №17-токтому).
Баяндамачы: Комитеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
2. «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (18.01.22-ж. №19-токтому).
Баяндамачы: КРнын Юстиция министри – Баетов А.Б.
3. «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» жана «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (14.02.22-ж. №69-токтому).
Баяндамачы: КРнын Айыл чарба министри – Жаныбеков А.С.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 2022-жылдын февраль-июнуна карата сессиялык планын бекитүү жөнүндө.
Баяндамачы: Комитеттин төрагасы – Омурзаков С.А.
Комитеттин төрагасы С. Омурзаков