Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин 2022-жылдын 1-февралындагы жыйынынын күн тартиби

28-01-2022
15:22

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,

кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы

аракеттенүү боюнча комитетинин  жыйынынын

күн тартиби

 

Өткөрүү убактысы жана орду: 2022-жылдын 1-февралы, 14 саат 00 мин.

Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

 

1. «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (22.09.20-ж.497-токтому).

Баяндамачы: КРнын УКМКнын төрагасынын орун басары – Шаменов А.А.

 

2. «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (28.06.21-ж.14-528).

Баяндамачы: КРнын Ички иштер министринин орун басары – Абдиев Н.Т.

 

3. «Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

 Демилгечи: КРнын Министрлер Кабинети (14.01.22-ж.17-токтому).

Баяндамачы: КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары – Алишеров Э.Т.

Кошумча баяндамачы: КРнын Ички иштер министринин орун басары – Урмамбетов О.Ж.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Омурзаков С.А.

 

5. ««Temirov Live» редакциясынын журналисттеринин иши боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечиминин долбоору.  

Баяндамачы: КРнын Ички иштер министринин орун басары – Аширходжаев Э.Дж.

 

6. «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорун актуалдуу эмес деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечиминин долбоору.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Омурзаков С.А.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                                          С. Омурзаков