Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2021-жылдын 21-сентябры, 14 саат 00 мин.
Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы – Никитенко Н.В.
2. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы – Никитенко Н.В.
3. «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы – Никитенко Н.В.
4. «Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).
Демилгечи: КРнын Өкмөтү (23.03.20-ж. №182-токтому).
Баяндамачы: КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы – Никитенко Н.В.
5. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укутарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы №4701-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечиминин долбоору.
Баяндамачы: КРнын ЖКнин Комитетинин төрайымы – Никитенко Н.В.
6. Ар кандай маселелер.
Комитеттин төрайымы Н. Никитенко