Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,
Кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы
Аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын
Күн тартиби
Өткөрүү убактысы жана орду: 2021-жылдын13-апрели, 14 саат 00 мин.
Жогорку КеңештинЧыгыш жыйындар залы
1.«Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).
Демилгечи: КРнын Өкмөтү (31.12.19-ж. №735-токтому).
Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Ниязбеков У.О.
2.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).
Демилгечи: КРнын Өкмөтү (24.03.21-ж. №114-токтому).
Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Ниязбеков У.О.
3. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирименен кайтарылып берилген «Куралжөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин чечими.
Демилгечи: КРнын ЖКнин депутаты – Никитенко Н.В.
4. Ар кандай маселелер.
Комитеттин төрайымы Н. Никитенко