Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби Өткөрүү убактысы жана орду: 2021-жылдын 26-январы, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

22-01-2021
15:38

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин Кыргыз  Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан Мыйзам долбоорун кабыл алуу тууралуу чечими.

Баяндамачы: КРнын депутаты – Никитенко Н.В.

 

2. «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (03.02.20-ж. №49-токтому).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Ниязбеков У.О.

 

3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Жазык-процесстик кодексине, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (23.09.20-ж. №501-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Мамбеталиев А.М.

 

4. «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (22.09.20-ж. №497-токтому).

Баяндамачы: КРнын Улуттук Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары – Шаменов А.А.

 

5. «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (17.12.20-ж. №615-токтому).

Баяндамачы: КРнын Башкы прокурорунун орун басары – Джаманбаева Дж.А.

 

 

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                           Н. Никитенко