Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү орду жана убактысы: 2020-жылдын 23-июну, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы.

19-06-2020 09:49

Долбоор

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби.

   1. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (22.11.19-ж., №622-токтому).

Баяндамачы: КРнын Юстиция министринин орун басары – Есеналиев М.К.

   2. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү  окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (29.01.20-ж., №41-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы  – Анарбаев Г.С.

   3.  «Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү  окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (26.03.20-ж., №187-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКМКнын төрагасы – Таиров Б.Д.

   4. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Эмгек кодексине, «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Мыйзамына жана «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү  окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (14.01.20-ж., №7-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасынын орун басары – Кадыров А.С.

   5. «Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине)» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Исмаилова А.Ж., Касымалиева А.К., Строкова Е.Г., Рыспаев К.Ж., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Кыдыралиев У.Т., Райымкулов Б.К., Алтынбеков А., Джураев С.М., Алтыбаева А.Т.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Алтыбаева А.Т.

   6. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын  Бузуулар жөнүндө кодексине, «Автомобиль жолдору жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Маматалиев М.А., Жапаров А.У., Жоробеков Т.А., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Акаев Ж.К., Нурбаев А.М., Рысалиев З.К., Келдибаев С.А., Жунус уулу Алтынбек.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Маматалиев М.А.

   7. «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (02.12.19-ж., №646-токтому).

Баяндамачы: КРнын Башкы прокурорунун орун басары – Дарданов Н.К.

   8. «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (18.02.20-ж., №92-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору – Аманкулов М.А.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 450