Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү орду жана убактысы: 2020-жылдын 9-июну, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы.

04-06-2020 16:13

Долбоор

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби

 

   1. «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (02.12.19-ж., №646-токтому).

Баяндамачы: КРнын Башкы прокурорунун орун басары – Дарданов Н.К.

   2. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын ЖКнин депутаты – Пирматов И.А.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты Пирматов И.А.

   3. «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (03.02.20-ж., №49-токтому).

Баяндамачы: КРнын Ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

   4. «Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (30.01.20-ж., №44-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев А.О.

   5. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (22.05.20-ж., №269-токтому).

Баяндамачы: КРнын Вице-премьер-министри – Асрандиев Э.Ш.

   6. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Маматалиев М.А., Нурбаев А.М., Рысалиев З.К., Тотонов Н.Т., Жоробеков Т., Дюшалиев А.К., Келдибаев С.А.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Маматалиев М.А.

   7. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (17.02.20-ж., №84-токтому).

Баяндамачы: КРнын Финансы министри – Жеенбаева Б.Ж.

   8. Информация Правительства Кыргызской Республики по выплате компенсации медицинским работникам, сотрудникам правоохранительных органов, выполняющим задачи в условиях режима чрезвычайной ситуации и чрезвычайного положения, а также по распределению и использованию денежных средств поступающих от международных финансовых институтов, организаций, юридических и физических лиц во время пандемии COVID-19.

Баяндамачы: КРнын Вице-премьер-министри – Асрандиев Э.Ш.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 423