Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү убактысы жана орду: 2020-жылдын 17-марты, 14 саат 00 мин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Чыгыш жыйындар залы.

12-03-2020 09:35

Өткөрүү убактысы жана орду: 2020-жылдын 17-марты, 14 саат 00 мин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине   өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (22.11.19-ж., №622-токтому).

Баяндамачы: КРнын Юстиция министри  – Джаманкулов М.Т.

   2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Пирматов И.А., Абдылдаев М.Ю., Сулайманов А.Т., Бакчиев Дж.А., Жапаров А., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Никитенко Н.В.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Пирматов И.А.

   3. «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Пирматов И.А., Абдылдаев М.Ю., Сулайманов А.Т., Бакчиев Дж.А., Жапаров А., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Никитенко Н.В.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Пирматов И.А.

   4. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (29.01.20-ж., №41-токтому).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы  – Анарбаев Г.С.

   5. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Бекешев Д.Д., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З., Мамашова А.Т.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Бекешев Д.Д.

   6. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 479