Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин  жыйынынын күн тартиби.

27-02-2020 16:40

Өткөрүү орду жана убактысы: 2020-жылдын 3-марты, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (14.10.19-ж., №543-токтому).

Баяндамачы: КРнын Ички иштер министри – Джунушалиев К.А. 

   2. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине   өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечи: КРнын Өкмөтү (20.11.19-ж., №613-токтому).

Баяндамачы: КРнын Транспорт жана жолдор министри  – Бейшенов Ж.С.

   3. «Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине)» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Демилгечилер: КРнын ЖКнин депутаттары – Исмаилова А.Ж., Касымалиева А.К., Строкова Е.Г., Рыспаев К.Ж., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Кыдыралиев У.Т., Райымкулов Б.К., Алтынбеков А., Джураев С.М.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Исмаилова А.Ж.

   4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, жер мыйзамдарын бузуу фактыларын текшерүү жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө чечими. 

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Дюшалиев А.К.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 630