Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби.

21-11-2019 13:58

Өткөрүү орду жана убактысы: 2019-жылдын 26-ноябры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы
 

   1. 2019-жылдын 25-июнундагы «Салыктык жана бажылык жыйымдарды башкарууну жакшыртуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен сооданын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды табуу жана четтетүү, контрабандага каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» Комитеттердин биргелешкен чечимин аткаруу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен биргеликте, Жогорку Кеңештин Батыш жыйындар залында  каралат).

Баяндамачы: КРнын вице-премьер-министри – Разаков Ж.П.

   2. «Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КР Өкмөтү (24.10.2019-ж. №574-токтом).

Баяндамачылар:

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору – Капалов К.М.

КРнын Юстиция министринин орун басары – Сарымсаков М.Б.  

   3. «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын иштери жөнүндө.

Баяндамачы: КРнын вице-премьер-министри – Разаков Ж.П.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 438