Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби: Өткөрүү орду жана убактысы: 2019-жылдын 18-июну, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы.

14-06-2019 09:42

Өткөрүү орду жана убактысы: 2019-жылдын 18-июну, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (17.04.2019-ж. №176-токтом).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Б.Д.

   2. «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (25.06.2018-ж. №300-токтом).

Баяндамачы: КРнын Ички иштер министринин орун басары – Асанов К.С.

   3. «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (03.04.2019-ж. №156-токтом).

Баяндамачы: КРнын Юстиция министринин орун басары – Сарымсаков М.Б.

 

Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 283