Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби: Өткөрүү орду жана убактысы: 2019-жылдын 5-марты, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

28-02-2019 14:36

Өткөрүү орду жана убактысы: 2019-жылдын 5-марты, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (11.02.2019-ж. №47-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

   2. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (06.02.2019-ж. №45-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

   3. «Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү(06.11.2018-ж. №525-токтом).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Турганбаев М.Т.

   4. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жазык-аткаруу кодексине, КР Жазык кодексине жана КР Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (20.02.2018-ж. №598-токтом).

Баяндамачы: КРнын вице-премьер-министри – Разаков Ж.П.

Кошумча баяндамачылар: КРнын ички иштер министринин орун басары – Асанов К.С.

КРнын юстиция министринин орун басары -  Сарымсаков М.Б.

КРнын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Н.К.

КРнын УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Опумбаев О.Н.

КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы Турганбаев М.Т.

 

   Комитеттин төрайымы                                                                                       Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 433