2016-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитети 4 мыйзам долбоору жактырды  ,

14-09-2016 16:00

2016-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитети 4 мыйзам долбоору жактырды   , 

1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору (6-9024/16 , 05.04.2016 ж.). экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев К., Текебаев О., Салянова А., Нышанов С.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иманалиев К.

2. Кыргыз Республикасынын “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзамынын долбоору (6-7728/16 , 22.03.2016 ж.) экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Салянова А., Текебаев О., Никитенко Н., Бакчиев Дж., Бекешев Д., Омурбекова А., Масалиев И.У.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова А.

3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
 (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору (6-9319/14 , 08.04.2016ж.). экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 161 , 08.04.2016 ж.)
Баяндамачы: КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Энтериев О.Ж.

4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө  кодексине, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору (6-17016/14 , 22.06.2016ж.). биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 323 , 15.06.2016 ж.)
Баяндамачы: КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Энтериев О.Ж.

Көрүүлөрдүн саны : 1572