Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби: Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 25-декабры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

21-12-2018 09:35

       Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 25-декабры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (26.07.18-ж. №349-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

   2. «Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (06.11.18-ж. №525-токтом).

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы – Жапаров Т.Т.

   3. Ар түрдүү маселелер.

а) «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору тууралуу» КРнын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими (КРнын Өкмөтүнүн 25.06.2018-ж. №300-токтому).

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Никитенко Н.В.

б) Республикадагы бардык банктардан банк эсептерине жана уячаларына тийиштүү маалыматтарды берүү жөнүндө 2018-жылдын 10-декабрындагы суроосу боюнча, КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын маалыматы.

Баяндамачы: КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Анарбаев Г.С.

в) КРнын прокуратура органдары тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” КРнын Мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү жүргүзүү боюнча жумушчу тобун түзүү тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Никитенко Н.В.

 

   Комитеттин төрайымы                                                                     Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 728