Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби: Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 11-декабры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

07-12-2018 10:58

       Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 11-декабры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

   1. «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты. 

Киргизген: КРнын ЖКнин депутаттары Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Никитенко Н.В., Бакчиев Ж.А. Бекешев Д.Д., Омурбекова А.С., Масалиев И.А.

Баяндамачы: КРнын юстиция министри – Джаманкулов М.Т.

   2. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу режимине кайтаруу тууралуу.

Киргизген: КРнын Өкмөтү (26.07.18-ж. №349-токтом).

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Н. Никитенко

   3. «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамдарынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын ЖКнин депутаты Бекешев Д.Д.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Бекешев Д.Д.

   4. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамдарынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (22.11.18-ж. №543-токтом).

Баяндамачылар: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

                                   КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы – Шаикова А.К.

   5. Ар түрдүү маселелер.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана башка билим берүү тармагындагы укуктук ченемдик актылардын аткарылышын текшерүү жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Матраимов И.И.

  6. “Адилет” укуктук клиникасынын директору Ч. Жакупованын (19.10.2018-ж. №2/482, 29.10.2018-ж. №2/490, 29.10.2018-ж. №2/488) Ө. Текебаев жана Д. Чотоновдордун кылмыш ишин кайрадан каралууга негиз болгон жагдайлары жөнүндөгү кайрылуусу боюнча Комитеттин чечими.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Н. Никитенко

 

   Комитеттин төрайымы                                                                     Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 681