Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби

06-11-2018 11:06

 

Өткөрүү орду жана убактысы: 2018-жылдын 13-ноябры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

 

1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (26.07.18-ж. №349-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министринин орун басары – Асанов К.С.

 

2. «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (10.09.2018-ж. №422-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министринин орун басары – Асанов К.С.

 

3. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (28.08.2018-ж. №404-токтом).

Баяндамачы: КРнын УКМКнын төрагасынын орун басары - Кожобеков А.Э.

 

4. Ар түрдүү маселелер.

“2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат.

Баяндамачы: КРнын биринчи вице-премьер-министри – Боронов К.А.

 

 

Комитеттин төрайымы                                                                     Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 814